Тажикстандын жай турмушта жаткан кыргыз айылдарына күтүлбөгөн куралдуу кол салуусу кыргыз эли үчүн чоң трагедияны жаратты. Бир нече жаран курман болуп, жарадарлардын да саны арбын. Үйлөр өрттөнүп, ок атуулардын үнү жаңырды. Бирок коогалаңды биз өзүбүздүн башкы стратегиялык өнөктөшүбүз деп эсептеген Россиянын салкын кабылганы таң калууну жаратты. Алгач "окуяга көз салып жатабыз" деген расмий кызматтардын супсак билдирүүсү таратылса, акыбал бир аз турукташа баштаганда, президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков "Путин конфликти жөнгө салууга ортомчулук кылууга даярдыгын" жарыялады.
"Ар кандай форматта - ЖККУ жана башка уюмдарда биздин бир багытта экенибизди эске алганда, албетте, президент Путин ал уюмдарга мүчө- өлкөлөрдүн ортосундагы курч маселелерди чечүүдө дайыма ортомчулук милдетти аткарууга даяр. Ал мындай милдетти бир нече жолу аткарган", - деп билдирген Песков.
Мында, Песковдун "ортомчу" дегенине басым жасасак болот. Кыргызстан Россияны ар дайым өзүнүн ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү, туруктуу союздашы катары кабыл алып келген. А Россиянын ушундай жагдайда, өлкө капысынан кол салууга туш болуп, жарандарынан айрылып, аза күтүүгө чөгүп турган чакта ортомчулуктан башка айтаар сөзү жокпу? Союздаш өлкө айыпсыз кан төгүүлөргө кайдыгер карап тура алабы? Бул билдирүүсү менен Россия ким кимди жеңет деген ссырткы байкоочунун гана кейпин кийгенин айгинеледи.
Кыргызстандын куралдуу күчтөрү Россиянын куралдуу күчтөрү менен чырмалышканын эске алганда деле биз союздаш деген өлкөнүн бул кылганы акылга сыйбайт. Андан сырткары ЖККУ, ШКУ сыяктуу уюмдарда биргебиз. Аталган уюмдар бир багыттагы жана бирин бири жөлөп-таяган өлкөлөрдүн башын бириктирүү катары каралат эмеспи.
Союз ураганына отуз жылдан ашуун убакыт өтсө да, мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөргө дагы деле Россиянын таасири чоң. Постсоветтик өлкөлөрдүн ортосундагы айрым кризистер буга дейре Путиндин кийлигишүүсү менен тереңдей электе чечилип келген. Дүйнөлүк саясатта салмагы, мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөр үчүн таасири бар Путиндин Тажикстандын мыкаачылыгына кайдыгер караганы түшүнүксүз.