"Биз бардык кыймыл мамлекет башчысы Эмомали Рахмондун көзөмөлүндөгү эң бир авторитардык режим менен беттешип жатабыз. Тажик тараптын Кыргызстанга жасаган ар бир кылыгын Рахмондун жеке аракети деп эсептесек болот. Анын катарында маалыматтын берилишин дагы. Эң башкысы - аракетти", - деп айткан саясат талдоочу Эмиль Жураев "VB.KG" маалымат агенттигине.
Ал Кыргызстан менен Тажикстан ассиметрикалык байланышта экенин белгилеген. Эгер Кыргызстанда саясий да, маалыматтык да жактан ачык-айкындуулук орун алса, Тажикстанда баары бир адамдын көзөмөлүндө.
"Бирок мындай режим ал жакта экономикалык жана саясий пландагы олуттуу кризистик кырдаалдын пайда болушун шарттады. Балким, так ошондуктан, Рахмон Кыргызстанга карата ок атууну пайдалуу деп тапты, жарандарынын топтолгон нааразычылыгын башка жакка бурууну көздөдү. А биздин чек ара планындагы аракетсиздигибиз Тажикстан үчүн көктөн издегени жерден табылгандай эле болду", - деген Жураев.
Ошондой эле, жаңжалга бир нече күн калганда тажик тарап окопторду казып, аскердик техникаларын тартканы, бир ай мурун аскерге жада калса студенттерди да чакырып баштаганы көп нерседен кабар берээрин белгиледи.
"Булардын баары Тажикстан Кыргызстанга кол салууну алдын ала пландаганынын ачык далили. Биздин бийлик бул тууралуу билгенден кийин коңшулардын абийирине таянбай, тийиштүү чараларды көрүшү керек эле. 29-апрелде жана азыр, кайсы бир макулдашуулардан кийин болуп жаткан окуялар: ок атуу, айылдарды өрттөө, Кыргызстандын аймагын басып алуу - Тажикстандын пландалган операциясындай көрүнөт. Бардык нерсени өз аты менен атоо керек. Эл аралык аудитория эки тараптын тең бирдей жоопкерчилигин айтуу болбостугун түшүнүшү маанилүү. Бул бир тараптын экинчи тарапка агрессивдүү аскердик операциясы болуп саналат", - дейт Жураев.
Айтымында, мунун баары Кыргызстан үчүн азыр чек арадан аскерлерди чыгарып кетүү ылайык эместигин далилдейт.
"Тажикстан чек арага техникаларын топтоп, куралдуу контингентин кеңейтүүдө. Ошондуктан, Кыргызстан тез арада күчүн жана аймактарын коргоого алуу максатындагы позициясын бекемдеши керек. Кол салуу үчүн эмес, коргонуу үчүн! Эки тарап тең чек арага жакын келбеши боюнча макулдашуу болсо да, биз чек ара линиясында жайгашпаган жана талаштуу деп эсептелбеген объектерди коргоого укуктуубуз. Ошондуктан, мындай кырдаалда Кыргызстандын коргонуу аракети талапка ылайык", - деп билдирген Эмиль Жураев.