-Муну "согуш" деп атоого болбойт. Муну "кол салуу" дейт. Согуш деген, эки мамлекеттин макулдугу менен аскерлери согушат. Согуштан Кудай сактасын, бирок бийликти басып алууну көздөп учурдан, кырдаалдан пайдаланган өлкөнүн сырткы душмандары бар. Аларды ээрчибегиле! Азыр бийлик менен эсептеше турган учур эмес. Баарынан жаманы, ичтен чыккан ийри жыландай болуп, кайра кайра Ала -Тоо аянтына митинг кылгандарды тыйгыла. Мунун баары өзүбүзгө каршы иштейт. Эл аралык маалыматтык согушта утулуп атабыз. Араң турган тажиктер "Мына, кыргыздар бийлигине каршы согушуп баштады" дейт. Ынтымактуу бололу. Күч бирдикте! Колуңа курал карматса эле чечилип калбайт. Инструктажы жок кантип согушасың? Тажиктер провокация кылып атышат. Жооп кылсак эле бет тырмайт. Алар даяр экен согушканга. Биз акылдуулук кылалы...
- Категория: Саясат
- Просмотров: 699