Бүгүн. 1-майда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча кыргыз-тажик УКМКларынын башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов Баткенде жолугушту.
Жолугушуудан кийин журналисттерге сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу билдиришти.
Камчыбек Ташиев эки өлкөнүн кызыкчылыгы камтылган протокол түзүлгөнүн белгиледи.
- Учурда кыргыз жана тажик эли кыйын кырдаалды башынан өткөрүп жатышат. Мамлекет башчыбыздын көрсөтмөсү менен кырдаалды турукташтырууга чара көрдүк. Биздин сүйлөшүүбүздүн жыйынтыгында, согуштук аракеттердин, ок атуулар толугу менен токтоп, тажик аскерлери кыргыз аймагынан чыгарылып кетишине макулдаштык. Кыргыз чек ара айылдарында тынчтык орун алат. Кабыл алынган чечимдер аткарылаарына үмүтүм чоң, - деди Ташиев.
- Биз эки элдин тынчтыгы жана туруктуулугун сактоого макулдаштык. Чек арага байланышкан бардык маселелерди чечебиз, - деди Ятимов.