- Мамат агай, эмнеге ОДКБ Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда болуп жаткан согушка ак же көк деп үн катпай жатат?
- Анткени, ОДКБга Кыргызстан да, Тажикстан да мүчөбүз. Ошон үчүн биздин ОДКБдагы өкүлүбүз маселени Тажикстанга кабыргасынан коюшу керек. Силердин Кыргызстанды көздөй аткан огуңардан канча эл кырылды? Канчасы жарадар болду? Канча үй, канчалаган АЗС, чайхана, ресторандар, больницалар, мектептер, мечиттер жана башка обьекттерди өрттөдүңөр жана талкаладыңар. Канча миң деген элибиз үйүн, малын таштап качты? Эми жоготуулар мынча миллиард болду. Ошол чыгымды төлөгүлө деп талап кылышыбыз керек.
- Эмнегедир орус басылмалары тажиктерге жан тарткан, согушту кыргыздар баштагандай таасир калтырган маалыматтарды чыгара башташты. Мындай учурда ачуу чындык көз жаздымда кала береби?
- Негизи чындык күчтүү тарапта болот. Тагыраагы, “сильный всегда прав” деген принцип бар. Ошондуктан орустар биринчи тажиктер менен кеңешет, андан кийин биз менен сүйлөшөт.
- Неге тажик тарап келишимге кол коюп, бирок аткарбай жатса да, маселени тынчтык жолу менен чечебиз деп аларга каршы жооп кайтарбай коргонуп отурабыз? Коргонуу маселени жеңилдетеби?
- Согуштун принцибинде эң жакшы коргонуш атака деп айтылат. Тажиктерди көрдүк. Абдан даярданышкан экен. Вертолёттор, дрондор, БТРлер, минеметтору жана башка техникалары менен бизге кол салды. Азыр да токтобой жатышат. Бизде ошондой атакага кире турган мүмкүнчүлүк барбы деген маселе бар.
- Ошондо алар баары бир акылга келбейт, убаданы аткарбайт, согушту улантууну көздөйт деген ойдосузбу?
- Мен тажик элинин да, бийлигинин да куулугун айткым келет. Алар абдан куу. Оозу менен башканы айтып, колу менен башканы кыла берет. Ошон үчүн Тажиктердин өкүлдөрүнүн ой пикирин угуп коюшубуз керек, бирок толук ишенбешибиз керек. Аларга ишенип, аскер техникаларын чыгарып кетпешибиз керек. Алар тынчтык орноду деп отурсак, күтүлбөгөн жерден кайра эле кол сала беришет. Ошон үчүн өтө сак болушубуз зарыл.