Кыргыз Республикасынын Президенттинин Жарылыгына ылайык бүгүн 2021-жылдын 1-майында Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчилигинде мамлекеттик желек түшүрүлүп, 2021-жылдын 29-30 апрелдеринде Кыргызстандын Баткен областындагы Кыргыз-Тажик чек арасындагы конфликте курман болушкан жарандардын жана аскер кызматкерлерин эскерүү куран окулду.
Ошондой эле, Элчиликтин кызматкерлери тарабынан Эл аралык Малай Ислам Университетинин жанына курман болгондорго арналып кыргыз жаңгак көчөттөрү олтургузулду.
Кыргызстандын Малайзиядагы Элчилигинин жамааты 2021-жылдын 29-30 апрелдеринде Баткен областындагы Кыргыз-Тажик чек-арасындагы конфликте шейит болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат жана кайгыларын тең бөлүшөт.
КРнын Малайзиядагы Элчилиги