-Тажиктер эл аралык норманы, келишимдерди бузду. Көп өлүм болду, жарандарыбыз жарат алды.100дөй имарат өрттөлдү, 20 миң жаран көчүрүлдү. Эми Тажикстанды эл аралык сотко берип, нота жибериш керек.
-ОДКБнын жыйыны Тажикстанда өтүп жатканда согуш ачканын кандай кабылдасак болот?
-Туура, ОДКБнын жыйыны Тажикстанда өтүп жатканда тажиктер согуш ачты. Демек алардын батасын алган. Эми алар биринчи согушту тажиктер ачса да, алардын сөзүн сүйлөйт. Бизде бир гана жол бар. Ал Эл аралык мекемелер. БУУга жана тийиштүү тармактарга кайрылышыбыз керек. Россиянын тик учагы менен атты, оор техниканы колдонду деп.
-Россиянын тик учагы демекчи бул жерде алардын дагы тиешеси жокпу?
-Россиянын тик учагы менен атканына караганда бул жерде Россиянын да байланышы болушу мүмкүн. Ошон үчүн эл аралык коомчулукка агрессия, геноцид дегенге чейин барышыбыз керек! Бул окуя кайталанбаш үчүн.