28-апрелде кыргыз-тажик чек арасын бузуп, кыргызстандык жай тургундарга ок чыгарган тажик жарандарынын куралчан сүрөтү интернетке тарады. Алардын катарында Согди облусунун губернатору Раджабой Ахмадзода да бар. Аскер кийимчен губернатордун куралчандардын арасында күлүп-жайнап маанайы көтөрүңкү экенин байкоого болот.