Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 232

-30-апрелдеги маалыматтар боюнча кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын айынан Кыргызстандын 13 жараны каза тапты жана 130дан ашуун жараны жабыркады. Ондогон үйлөр өрттөлдү, а тургундар дагы деле өз айылдарына кайтыша элек. Кыргыз-тажик чек арасынан 20 миңден ашуун адам эвакуацияланды, алардын көпчүлүгү буга чейин ички жер которуштурууга аргасыз болушкан. 

Баса белгилеш керек, Тажикстан Эл аралык кылмыш сотунун Римдик статусун ратификациялаган. Тажикстан өкмөтү тарабынан Кыргызстандын жай тургундарына карата жасалган аракети куралдуу кол салуу экени айдан ачык көрүнүп турат жана эгер тийиштүү иликтөө жүргүзүлсө, анда бул жооптуу кызматтагылардын аракети, буйругу Эл аралык кылмыш сотунун карамагына согушту баштаганы үчүн кириши мүмкүн.