-Кыргызстандын жетекчилеринин бири Душанбеде жыйында отурса, кээ бирлери башка жакта жүрсө, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө чыгып кетсе, мындай учурда чатак чыгаруу Кыргызстандын кызыкчылыгындагы нерсе эмес болчу. Анын үстүнө, өлкөнүн ички саясий кырдаалы жакшы эмес болуп турган чакта кыргыз тараптан кимдир бирөөлөр согуш чыгарууга кызыкдар эмес болчу. Бул алардын кызыкчылыгындагы иш эмес деп ойлойм. Мендеги маалыматтарга караганда, тажик тарап оор техника, миномет, тик учактарды колдонгон. Окуя өтө күтүлбөгөн жерден башталды. Мындай аскердик аракеттердин артында Тажикстандын Ворух менен байланыштырган жолду көзөмөлгө алуу кызыкчылыгы болушу мүмкүн.
Буга чейин Кыргызстандын кыргыз-тажик чек арасын чечүү аракеттерине Тажикстан жетекчилиги тараптан каршы реакция болуп, аймактарды алмаштыруу боюнча сунушка так секиришкенин эске алсак, анда куралдуу жаңжал чыгарууга, кырдаалды курчутууга тажик тарап кызыкдар болуп жатканын билүүгө болот. Тажикстан кырдаалды тынч жол менен чечүүнү каалабай турушат.