Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 368

-Чек ара жаңжалында үчүнчү күч - Орусиянын таасири бар деп эмнеге шекшип жатабыз? Анткени, учурда Орусиянын өзүндө ири саясий кризис болууда. Союз урагандан кийин алардын таасиринен биринчилерден болуп Прибалтика өлкөлөрү чыгып кетти. Андан кийи Грузия, Украина, Армения, эми минтип Кыргызстан. Орто Азия өлкөлөрүндө Батышка, Түркияга ыктаган маанайдын жогорулашы аларды тынчсыздандырууда. Кыргызстан да түрк биримдигине өткөнгө ниеттенип жатат. Бул Путин, Рахмон сыяктуу эски диктаторлорго жакпайт. Рахмон бийлигин сакташ үчүн, бийликти уулуна өткөрүп берүү үчүн согуш ачууга даяр экенин көрдүк. Путин болсо регионалдык геосаясий саясатын ишке ашыруу үчүн бул окуяда Тажикстандын таламын алгандай болуп турат.