Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 164

-Азыркы болгон окуялар боюнча Путиндин тиешеси жок деп ойлойм. Бирок, стратегиялык жактан тиешеси бар. Тажикстан Бажы биримдигине, ЕАЭСке кирген жок. Азыр Кремль Тажикстанга көбүрөөк көңүл буруп, биримдикке киргизгенге аракет кылууда. Америка Афганистандан чыгып кетүү чечимин кабыл алды. Афганистанга негизги жол Тажикстан аркылуу өтөт. Шойгунун Душанбеге келгени да ушул себептен.

А Кыргызстан биримдикке өзү аракет кылып кирип кеткен. Мурунку, азыркы бийликтер да Кремлдин көзүн карап турушат. Ошон үчүн Кыргызстанга көп деле көңүл бурулбайт…

Дегеле, Орто Азия өлкөлөрүнүн биригиши империянын пландарына каршы болот. Аларга Орто Азия мамлекеттери ич ара араздашып турса, аларды сооротумуш болуп көз каранды кылып кармап тургусу келет…

Эн негизгиси, Тажикстан тараптан агрессия болду, бирок биздин бийликтегилер да көп ката кетирип жатышат. Тажик президенти менен биздин президент Нур-Султанда же Ташкентте жолугушса туура болмок…