Социалдык тармактарда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге карата атайын даярдалган каралоо кампаниясы жүрө баштады. Суу кечпеген кептерди айтып, эч далили жок жомокторду саймедиреп, ар кандай слайддарды, видеороликтерди жасалма үн менен коштотуп, коомчулукка фейк аккаунттар аркылуу таратып жатышат. Мына ушунун өзү эле Ташиевге карата кайсы бир кызыкдар тараптардын негизсиз каралоосу, ичкүптүсү экенин айгинелейт. Сөз болуп жаткан видео-роликте Камчыбек Ташиев Дубайдагы жасалма аралан вилла сатып алганы, беш айдын ичинде байып кеткени, майкуюучу жайлары 20 эсе көбөйгөнү, балдары кымбат баалуу автоунаалар менен жүргөнү айтылат. Бирок бир дагы далил, факты камтылган эмес. Мындайча айтканда жөн гана курулай божомол, кызылдай кыялдан чыккан апыртмалар. Бүгүн заман башка, ар бир адамдын эмне иш кылганын кол койгон документтерден тарта, иш алып барып жаткан жеринде видео далилдерди да таап коюунун жолу оӊой. Аалам санариптешип турган маал. Андыктан, бул өӊүттөн алып караганда Камчыбек Ташиевди жаманатты кылгысы келгендер чаласабат жана жеке ичкүптүсү бар топтор экени мына ушул элементардуу далилдерди “Каралоочу-видеороликтеринде” чагылдыра алышпагандыктарынан белгилүү болуп турат.
Арийне, Камчыбек Ташиевди мындай жеӊил жана ыплас каралоо менен мүдүрүлтөбүз дегендер жаӊылышат.
Ташиев эч качан коррупцияга аралашып көргөн эмес. Мамлекеттик кызматта иштебесин, депутаттык доорунда болбосун мамлекеттин байлыгына же кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө колун салган эмес. Бирөөнүн байлыгын же, мамказынаны ээлеп алуу деген бул кишиге таандык сапат эмес. Ал өз өлкөсүнүн, элинин патриоту. Ошон үчүн Камчыбек Ташиев ар качан болгон оюн жашырбай ачык айтат. Ал эми ачык айтылган сөз көбүнчө баарына эле жага бербейт. Мамлекет кызыкчылыгы, өлкө келечеги үчүн далай коррупционерлерди, кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүн катарга тизип камап, алардан миллиондогон каражаттарды казынага төктүрдү. Өлкө кызыкчылыгы үчүн жасаган аракеттеринен улам аброю артып барат. Мына ушундан чочулаган айрым күчтөр жана мамлекеттен уурдаган байлыгын тарттырып, көмүскө жол менен эл ырыскысынан уурдап атып түзгөн бизнесинен айрылгандар Ташиевге карата аргалары түгөнгөндө аргументсиз каралоо кампаниясын ишке киргизип жатышат. Бирок, коомчулук, эл эбак караӊгылыктын бет пардасын сыйрып, кимдин ким экенин тааный билүүгө көздөрү каныгып калган.
Андыктан Камчыбек Ташиевге карата жасалган каралоолорго калыс пикирлери менен үн кошооруна шегибиз жок. Анткени коррупционерлерди кокодон алып, кустуруп, кылмыштуу топторду “кыстырып” жаткан Камчыбек Ташиевге карата каралоо же жаманаттылоо бул – бүтүндөй мамлекетке, элге карата таш ыргытуу, карышылык кылуу деп бааланышы керек!