-Тажикстан республикасынын президенти Э.Рахмон өз элине чыккынчылык кылды. Өз бийлигин, балдарынын бизнесин коргоп калыш үчүн Э. Рахмон карапайым калкына курал жарак таратып, согушка үндөдү. Анысы аз келгенсип, курал жарак менен камсыз болгон карапайым элдин артына армиясын коюп кыргыз элине каршы согуш жарыялады.

Биздин бийлик, өз убагында мобилдүү жана ыкчам жооп кайтара алган жок. Бул ачуу чындык (балким К. Ташиев өлкөдө болгондо, кырдаал башкача болмок). Жарандарыбыздан айрылдык, жүздөгөн жарадар болгон, үйлөрү өрттөлгөн кыргыз элинин намысы тебеленип турган учур.

Эми эмне кылыш керек,  Садыр Нургожоевич? Бүт амбицияны четке кагып, абройлуу генералдар сүйлөшүүгө барыш керек. Керек болсо мен да барам, жолдомо бериңиз бизге, урматтуу президент. Жолдомосуз, бир да бийлик өкүлү Тажикстандын, эч ким менен сүйлөшпөйт.

2010- жылы Ош окуясын болоорун алдын ала айтсам Убактылуу Өкмөт жек көрүшкөн эле мени, ушундай болоорун эскертсем силер да мени жек көрдүңөр. Мейли, жек көрө бергиле... Азыр мамлекеттин бүтүндүгүн, элдин тынчтыгын камсыз кылыш керек.