Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 464

Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМКсынын башчысы Ятимов менен жолугушту. Бул тууралуу ал өзү билдирди. 

"Тажикстандын УКМКсынын башчысы Саймумин Ятимов менен жолугуштук. Жолугушуу нейтралдуу аймакта, натыйжалуу өттү.  Абалды турукташтырууга бардык аракеттер көрүлөт. Президентибиз Садыр Жапаров менен биргеликте, ал кишинин көрсөтмөсүнүн негизинде бардык маселелер чечилип жатат. Кудай буйруса, бүгүн кечке дейре абалды толук турукташтырып бүтөбүз ", - деди Ташиев. 

Эске салсак, Камчыбек Ташиев Германияга дарылануу үчүн кетип баратканда жарым жолдон Баткендеги окуядан улам кайтып келген. Кыргызстанга жетээри менен дароо Баткенге жөнөп кеткен. 

Кечээ, 29-апрелде Баткенде кыргыз-тажик чек арасында жаңжал башталган. Тажик тарап кыргыз айылдарына бастырып кирип, жергиликтүүлөргө ок атышып, турак-жайларды өрттөгөн.