"Абал чынында оор. Бир нече жарандарыбыз каза болгону да чындык. Учурду пайдаланып коомдогу тынчтыкты бузгусу келгендер болгон аракетин көрүүнү башташат. Ички -тышкы душмандардын провокациясына алдырбайлы. Бизге азыр эң башкысы биримдик, ынтымак керек. Бир муштумдай түйүлүп душамнга колтук ачпайлы. Баары тынчып өз нугуна түшкөндөн кийин ким күнөөлүү сурашып алууга убакыт болот", - деп жазды жазуучу Чолпонбек Абыкеев соцтармактагы баракчасына.
Эске салсак, кечээ, 29-апрелде Баткендеги кыргы-тажик чек ара аймагында тажик тургундары таш ыргытып, жаңжал чыгарышкан. Ошол эле күнү саат 14.05те "Головной" аймагында Тараптардын аскер бөлүктөрүнүн ортосунда атышуу башталган. Анын кесепетинен кыргызстандык жергиликтүү тургундар жана аскер кызматкерлери жаракат алышкан. Андан кийин болжол менен кечки саат бештерде тажик тарап "Капчыгай", "Миң-Булак", "Достук" чек ара бекеттерине, ошондой эле "Кожогар" жана "Булак-Башы" чек ара бекеттерине минометтен ок чыгарган. Анын натыйжасында Баткен чек ара отрядынын "Достук" чек ара бекетинин имараты күйүп кеткен.