"Эң жаман окуя болду. Эки кошуна элдин ортосунда ажырык кетти, согушка айланып. Чындык үчүн айтыш керек - ушул нерсени күтсө болот эле. Суу талаш илгертен эле бери болчу. Ошондуктан, ар бир саясатчы, мамлекеттик ишмер өтө этият кылып сүйлөш керек. Саясатка айландырбай, көйгөйдү чечкенге аракеттерди жасап.
Көп жолу айттым, азыр кайталап коемун - чек ара маселе чечилгенче облуска эмес, ошол жерде жашаган ЖАРАНДАРЫБЫЗГА өзгөчө статус бериш керек. Аларга жашоо үчүн шарт түзгөнүбүздө, иш менен камсыз кылганыбызда бүгүнкү акыбалга негиз азыраак болмок. Пайызы жок кредиттерди берип, ишкерлерге ыңгайлуу шарттар тузуп койсо, турак -жай үйлөрдү бир гана Өкмөт сатып алууга укук коюлса. Бир нече жолу парламент ушундай талаптарды койгон Өкмөттүн алдына, бирок алар саясатка кирип, бир адамга кызмат кылам дешип, бир да талапты аткарган эмес.
Экинчиден, элибизди бөлгөнгө аракеттенген, касттыкка алып барган күчтөр бар. Аны эске алалы. Ким канчалык жооп берээрин убакыт көрсөтөт. Бүгүн саясат кылбай, ынтымак менен чыгалы. Биримдик керек баарыбызга. Бул күндөр да өтөт.
Ал эми жардам берсек, адрестүү кылалы. Кайсыл үй, кайсыл мектеп жараксыз болсо, көчүрүлгөн үй -бүлөлөргө жардам берсек. Бир да саясий партия, бир да талапкер берген жардамын эртең шайлоолордо айтпаса болот эле", - деп жазды экс-депутат Исхак Масалиев.