Баткен облусунун мурдагы губернатору Султан Айжигитов кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын пайда болуу тамыры тереңде деп эсептейт. 

"30 жылдан бери чечилбей келген маселелер ушуга алып келди. Ар бир нерсени өз убагында чечүү керек. Сүйлөшүү процесстеринин кечеңдегенин кесепетинен көп артыкчылыктарыбызды алдырып койдук. Тажикстан менен Өзбекстан биз аркылуу алака-катыш кылып турган кезде эле чек ара маселесин чечип алсак болмок. Мамлекет кыйын абалда турганынан пайдаланган алар эми көп нерсени өз пайдасына оодарууну каалашууда.

"Головной" суу бөлүштүрүүчү пункту бир гана Баткенге эмес, жалпы мамлекет үчүн стратегиялык мааниси абдан чоң объект. 275 км талаш деп жаткан жер 6-7 жыл мурда талаш эмес болчу, биздин жер эле. Кандайча талаштуу жерге айланып калды? "Головной" документ боюнча толугу менен биздин жер. Аны эмне себептен тажиктер ээлеп алгысы келгени белгилүү эле", - деди Айжигитов.