УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанга келээри менен Баткенге жөнөп кеткенин улуттук коопсуздук кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ташиев окуя болоордон эки күн мурда Германияга кеткен. Эки ай мурда ал немец өлкөсүндө жүрөгүнө операция жасаткан жана бул жолу операциядан кийинки дарыланууга барган. Бирок өзү соцтармактагы баракчасына жарыялагандай, Баткендеги чырды угаары менен көздөгөн жерине жете электе кайра артына кайткан.
Эске салсак, кечээ, 29-апрелде Баткендеги кыргы-тажик чек ара аймагында тажик тургундары таш ыргытып, жаңжал чыгарышкан. Ошол эле күнү саат 14.05те "Головной" аймагында Тараптардын аскер бөлүктөрүнүн ортосунда атышуу башталган. Анын кесепетинен кыргызстандык жергиликтүү тургундар жана аскер кызматкерлери жаракат алышкан. Андан кийин болжол менен кечки саат бештерде тажик тарап "Капчыгай", "Миң-Булак", "Достук" чек ара бекеттерине, ошондой эле "Кожогар" жана "Булак-Башы" чек ара бекеттерине минометтен ок чыгарган. Анын натыйжасында Баткен чек ара отрядынын "Достук" чек ара бекетинин имараты күйүп кеткен.