..өтө сүрдүү, үнү жоон, кебетеси баатырдай , тарс-тарс сүйлөгөн , шапа-шупа баскан чапчаң киши чек арага башчы болсо эле анын сүрүнөн коркуп кетип, чочуп кетип "ээ..кой, бу апасный киши экен, талашып аткан жерди бере салалы" демек беле - мейли кыргыз тарап, мейли тажик тарап болсун? Же чек ара тушка аскер оюндарын өткөрүп, танка-түкелерин тизип кернейинен дүңкүлдөтүп ок чыгарып, окопторунан пулемотторун тытыратып машыгууларды кылып коконпеш кылса эле - андан кыргыздарыңдын же тажиктериңдин жүрөгү түшүп шалдайып калмак беле? Эки тараптын тең "бу биздин жер!" деп бакыруучулары эмне аргумент келтирсең деле "кашык каным калганча күрөшөм, согушам!" деп күпүлдөтмөйүн токтотпойт. "Баатыр эмесмин, коркокмун..Жеңе албаймын, жеңилемин.." деп айтпайт эч кимиси. "Тизелебейбиз!" менен "Даканса турабыздын!"дын аягы келип эле - СОГУШ...  А анын кимге кереги бар? Тажиктин же кыргыздын уулдары өлгөнү жакшыбы? Камырдан кыл сууругандай кылып, эки элге тең доо кетпегидей кылып, касташууну достошууга, кабак салууну жылмаюуга, сөгүшүүнү маданий ыр күүгө айланткан дипломатия ПРЕЗИДЕНТТЕРдин гана колунда. Анткени, тажик менен кыргыздын айылдарынын аксакалдары, айыл өкмөттөрү, акими, гүбүрнатыры, министри, чек ара башчысы, өйдөсү мн ылдыйы, кызылы мн карасы...баары президенттердин көзү мн тең айланып турат.. Баштан сылап, белекке бере салалы десек, "скоруй помуш" машинелерибиз жок албетте, бирок ошол сыяктуу "аш менен урчу" чебер дипломатия ушундайда өтө керек болуп тургансыйт..

Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн бийликтери маал-маалы менен "түбөлүк достук" меморандумдарына кол коебуз... Мечиттерибиз көп, намаз окугандарыбыз көп, мусулманбыз дейбиз... Кашайып, чек арага келгенде ал алпейим момундуктардын бири жок. Тикен зым тосмолор, текшермейлер, жең ичинен акча алмайлар, уурдап кетмейлер, атышуулар, суу талаш, жер талаш...

Мобу сүрөттөгү Бельгия менен Нидерландынын чек арасы, чек ара чийинди жөн эле формалдуулук үчүн чийип коюшуптур: тосмо жок, зым тикен жок, кабагы түктүйгөн орой чек арачылар жок... Буларда ыймандуулуктук менен сүйүүнүн, достук менен боордоштуктун шкаласы - "мен мечитке барып намаз окуйм", "мен чиркөөгө барып чокунам.." деген "элкөрсүндүктөр" менен өлчөнбөйт окшойт... Кааап, биздин чек аралар да ушундай сүйкүмдүү болсо не аттиң..

Эрнис Кыяз