Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 339

"Кыйын маалда бардык улуттар өлкө башчынын тегерегине чогулат. Провокация, эмоция бизге жардам бербейт. Бизге сабыр, акылмандык, мамлекеттик көз караш керек. Азыркы оор маалда, саясий көз карашка, позицияга, жээке карабастан, өлкө башчысы С.Жапаровдун тегерегине чогулуп, ынтымакта, бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып турушубуз зарыл", - деген чакырык таштады экс-депутат Равшан Жээнбеков.

Эске салсак, кечээ, 29-апрелде Баткендеги кыргы-тажик чек ара аймагында тажик тургундары Кыргызстан тарапка таш ыргытып, жаңжал чыгарышкан. Ошол эле күнү саат 14.05те  "Головной" аймагында Тараптардын аскер бөлүктөрүнүн ортосунда атышуу башталган. Анын кесепетинен  кыргызстандык жергиликтүү тургундар  жана аскер кызматкерлери жаракат алышкан. Андан кийин болжол менен кечки саат бештерде тажик тарап "Капчыгай", "Миң-Булак", "Достук" чек ара бекеттерине, ошондой эле "Кожогар" жана "Булак-Башы" чек ара бекеттерине минометтен ок чыгарган. Анын  натыйжасында Баткен чек ара отрядынын "Достук" чек ара бекетинин имараты күйүп кеткен.