-Коргоо министрлигин түштүккө көчүрүп жайгаштырыш керек. Бишкекте кармагандын зарылчылыгы жок.2011- жылы Жогорку Кеңештин июнь окуясы боюнча кабыл алган токтомунда Коргоо министрлигин түштүккө жылдыруу каралган. 10 жылдан бери ошол токтом аткарылбай келет.Кыргыз мамлекетинин Коргоо министрлиги түштүк тарапка керек. Мамлекеттин корпсуздугу үчүн ылайыктуу жерине жылдырса болот. Анткени, чек ара маселеси Түштүктө. Кытай, Тажикстан, Өзбекстан менен үч тараптан чектешип турат .Чек ара маселеси боюнча көйгөй көп. Кошуналар да ойлонот эле "кошунага тийишсем болбойт" деп.Ошондо мамлекеттин сүрүн сезишет.
Реалдуу жашоонун муктаждыгынан улам келип чыккан зарылдык деп эсептесек болот. Жогорку Кеңештин даяр токтомун аткарса эле иш жүзүнө ашат. Ашыкча көйгөй, талкууну талап кылбайт. Президенттин, Өкмөттүн эле каалоосу, күчтүү саясый  эрк керек болот.