Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 687

-Кубанычбек мырза, чек арада абал оорлошуп кетти. Ок атылып, кан төгүлө баштады. Тирешкен жагдайды кантип чечебиз? Абалдан чыгуунун жолу барбы?

-Чек араны тез аранын ичинде дипломатия, сүйлөшүү жолу менен чечишибиз керек. Дүйнөдө согуштар жер талаштан чыгып келгени маалым. Кыргызда жакшы сөз бар. «Эрегиштен эр өлөт» деген. Тиреше берсек, аягы жакшы менен бүтпөйт. Ошон үчүн маселени сүйлөшүү жолу менен чечишибиз керек. Чынында 30 жылдан бери бийликке келгендер эптеп күнүм өтсүн, мамлекеттин, элдин ырыскысын жесем, олигархтар менен дос болуп, коррупциялык иштерден жүз миллиондогон долларды жасап алсам, жер байлыктарын жең ичинен сүйлөшүп алып сатып жыргасам, келген гранттарды жакындарыма берип, кызматтарды сатып, жоопкерчиликтен кутулуп, хандык жашоонун доорун сүрсөм деп жашашкан. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев да мурункулардай болуп жыргап жата берсе болот эле. Бирок алар чоң милдеттерди алышып, чек араны чечели деп күнү- түнү чапкылап жүрүштү. Ошондуктан,  эл журтубуздан, саясатчылардан суранат элем,  аларды сындабай, күнөөлөбөй колдон- буттан алып жардам берип чек араны тезирээк чечип алалы. Чек ара маселесин чечүү боюнча,  президентке жана комиссия башчысы Ташиевге мүмкүнчүлүк берели.  Ошондой эле, оор жагдайда  чек араны жакшы билген аксакалдарды, генералдарды жардамга чакыралы дейт элем. Ошондой эле чек арада жашаган жарандарыбызды салыктан бошотуп, көп жеңилдиктерди берип, чек ара менен чектешкен аймактарга инвестиция тартып, завод фабрикаларды куруп, жаштарыбызды жумуш орундары менен камсыз кылуунун жолун табышыбыз керек.