Бул адамды бешиктеги баладан төшөктөгү кемпир-чалга чейин жакшы билет. Сөз жок, керек учурда тилинен бал тамат, таттуу, керек учурда тили ачуу, тили менен заарын чачат. Бир кездери Адахан мырзаны кыргыз элинин дээрлик бардыгы жакшы көрчү, келечектеги президент катары элестетчү. Оппозиция катары туруктуу көз карашка, позицияга ээ болуп, атүгүл Кыргызстанды бир оңдосо ушул Мадумаров оңдойт деген ишенимде болгондор да аз эмес эле. Бүгүн ал кыргыз саясий аренасында кимге айланды?

Байкаган адамга ал бүгүн “мен гана кыйынмын, мен гана президент болушум керек эле”- деген күйүт комплексинде камалып, анысын тили менен сыртка чыгарууга ашыккан, жакшы нерселерди көргүсү, билгиси келбеген, жакшыдан гана жамандык издеп, ыңгайы келген жерде саясий упай топтоого аракет кылган, иши кылып эле бийликтин иш-аракеттерин элге жаман жагынан көрсөтүүгө жандалбастаган саясатчыга айланды.

Эсиңиздерде болсо керек, өткөн жылдын жайында пандемия күчөп, дүйнөнү каптап, миңдеген өлүмдөр болуп аткан чакта да тетирисинен кетип, “эч кандай оору жок, беткап тагынбагыла, ишенбегиле, бул спектакль”- деген билдирүүлөрү менен элди, коомчулукту эки анжы ойго салган эле. Бирок антип айтканы менен өзү беткап тагынып, сактанып жүргөнүн көрүп, анын эки жүздүүлүгүнө таң калганбыз. Ооруга ишенбеген, башкаларды ишенбөөгө чакырган адам беткап тагынбайт эле да…

Адахан Кимсанбаевич бүгүн да ошол репертуарында. Чек ара маселелери боюнча УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин иш-аракеттерин сынга алып, элди бийликке каршы тукуруп, алмашып аткан жерлерди берилип кеткен жерлер катарында элге жеткирип, өзүнүн оппозициялык милдетин аткарууда. Бирок тилекке каршы, мында Адахан мырза калыстыктан, конструктивдүүлүктөн тайып, “колдо турган коёнду, коё берген оңобу”,- демекчи, кырдаалды өз кызыкчылыгына ыктуу пайдаланууну көздөп, бүгүнкү бийликти элге мокочо көрсөтүүнү гана көздөп жаткандыгы айдан ачык. Чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери сүйлөшүү, макулдашуулардын негизинде кандайдыр “уступкаларга” баруу, жерлерди алмашуу жолдору аркылуу чечилерин Адахан мырза эң жакшы билет. Эгерде Камчыбек Ташиевдин ордунда өзү болгондо ушундай эле жолдор менен чечип, жерлерди алмашуусуз чек ара маселеси чечилбей турганын айтмак. Бүгүн Камчыбек Ташиев элдер менен тыгыз иштешип, алардын айткандарын, кеңештерин угуп, масилеттешип атса, Адахан Мадумаров элдин айткан, дегендерин, талаптарын уруп да ойномок эмес. Ал оппозицияда болгон учурда элди оозанып, элдин атына жамынып сүйлөгөнү менен бийликке келсе, эл менен эсептешпей, укпай каларын буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы болгон учурда көргөнбүз. Бүгүн жеке саясий кызыкчылыктар, саясий упай үчүн “жерлерди берип ийишти”- деп айгай салып аткан Адахан мырзанын Каркыра жайлоосун берип ийгени кечээги эле тарыхый чындык. Адахан Кимсанбаевич канчалык жанын жеп, актанбасын, анын чындык экенин саясатчы Азимбек Бекназаров колундагы документтери менен далилдеп келатат.

Сыягы, Адахан Мадумаров президент болуу ооматы эбак эле кетип калганын аңдап, мындан ары маңдайына бийлик башындагыларды сындоо, каралоо, маал-маалы менен элге ачуу, заар тилинен чачып туруу вазийпасы буюрганын моюндагандан башка аргасы жок окшобойбу. Ал эми кыргыз элине не, саясатта ушундай оюнчулардын болуп турганы жакшы, ансыз саясат кызыксыз болуп кетпейби…