Чек ара маселеси өзгөчө суу ресурстары талашка түшүп калганына байланыштуу Орто Азияда абдан татаал маселеге айланды. Мындай пикирин Өмүрбек Текебаев "Ата Мекен" партиясынын саясий кеңешинин жыйынында билдирди.
Ал азыркы бийликтин чек ара маселесин чечүүдөгү ниетин туура жана таза деп эсептээрин белгиледи.
"Бангладештен кийин эле эл жыш жайгашкан аймак Фергана өрөөнү болуп саналат, демек демография күчтүү, жумушсуздук да чоң көйгөй. Ошондуктан, анда бир чарчы жер да чоң талашка айланат. Чек ара маселесин чечүүдө биз ынтымак, акыл менен сүйлөшүшүбүз керек. Аны менен катар "Бизге бирөөнүн жеринин кереги жок, өз жерибизди да бербейбиз" деген принципти да бек кармануу зарыл. Саясатчылардын муунунан муунуна энеден балага сүт аркылуу берилчүдөй билим керек. Атадан балага калгыдай план керек. Планыбыз жүздөгөн жылдарга алдын ала түзүлүшү зарыл. Чек ара маселесин чечүүнү тездетүү кажет", - деди Текебаев.
Ошондой эле, ал бийликтин катачылыгын моюнуна алып, элдин талабына макул болуп жатканын оң баалады.
"Азыр Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди чек ара маселеси боюнча сындагандар көп болуп кетти. Албетте, алар катачылык кетиришти. Бирок ал ниеттери жаман дегенди билдирбейт, тескерисинче ниеттери ак жана таза болгон дегенди туюндурат. Алардын кыргыз элинин жашоосун жеңилдетебиз, өлкөнү өнүктүрөбүз деген жакшы ниеттери бар. Маселенин мынчалык чиеленишкен, татаал экенин билишкен эмес десек болот. Чек ара боюнча протоколдор көп түзүлгөн, коңшу өлкөлөр андан көп жолу баш тартышкан. А биз биринчи жолу баш тартып атабыз. Биринчи жолу эл менен кеңешип иш кылып жатабыз. Камчыбек Ташиев элдин талабына көндү, "меники туура" деп көгөрүп тура бербей, катаны моюнга алуу чоң эрдик. Чек ара маселеси көп учурда купуя чечилет, мында да купуя чечилгенде, жерибиз кетип калмак экен. Камчыбек Ташиевдин элге ачык айтып, бүт процесстер менен тааныштырып турганы жакшы болду. Ал ачык иш кылууда. Ынтымактуу бололу", - деди Өмүрбек Текебаев.