Кыргызстанда азыр Камчыбек Ташиевден өткөн душманы көп адам жок. Биз бул жөнүндө мурда             жазганбыз, дагы бир ирет кайталайбыз. Душман болгондо да кандай адамдар дейсиз? Депутаттар, байлар, трансулуттук күркүлдөр, чоң даражадагы ооздорунан жалын чачыраган мамлекеттик чиновниктер, соттор... Алардын саясый, каржылык мүмкүнчүлүктөрү да абдан чоң. Азыр Камчыбек Ташиевди жаманатты кылуу максатында социалдык тармактарга, айрым сайттарга чыгып жаткан фейктер мына ошол чоң мүмкүнчүлүктөрдүн бир бөлүгү болуп саналат.

Камчыбек Кыдыршаевич азыркы кызматка келгиче ишкердик менен алектенип, дурус эле акча, оокат жыйнаган. Ал убакта, андан кийин мамлекеттик чоң кызматтарда  иштеп жүргөндө “прихватташтырууга”, таламай-тономолойлорго аралашпагандыгын жакшы билебиз. 1990-жылдардын башында ишкер болуп жүрүп алгачкы капиталга ээ болгондо айылындагы бир короо-сарайды сатып алайын десе, атасы каршы чыккандан тартып, ал бул жагынан өзүнө биротоло тыюу салгандыгы жөнүндө убагында жетишерлик жазылган, айтылган. Камчыбек мырзанын санаалашы Шүкүрбек Эркебаев айткандай: “Камчыбек Ташиев Кыргызстандагы дээрлик бардык атка минерлердин арасындагы мамлекеттин ташына да зыян келтирбеген саясатчы экени талашсыз. Аны коомчулук жакшы билет. Бул кишинин кандайдыр бир деңгээлдеги оокаты болсо, анын баары өз мээнети, эмгегинен топтолгондор. Мамлекеттин мүлкүнө кол салуу, уурдоо, бирөө аркылуу материалдык акыбалын чыңдоо бул кишинин табиятына жат көрүнүш”.

Соцтармактарда анын Германияга барып, жүрөгүнө операция жасатканга, дарыланууга кеткен чыгымдар жөнүндө айтылды. Буга жооп иретинде айтсак, эң чоң даражадагы мамлекеттик чиновниктерди дарылоого кеткен чыгымдар бардык жерде мамлекеттин эсебинен төлөнөт. Алсак, 2019-жылы Кой-Ташта жабырланган полковниктин дарылоого кеткен чыгымдардын бардыгы мамлекеттин эсебинен төлөнгөн. Ал эми Камчыбек Ташиев катардагы чоң даражадагы мамлекеттик чиновник эмес, ал 2020-жылдын октябрындагы төңкөрүштү ишке ашырган, бийлиги, таасири, саясый жана моралдык авторитети боюнча мамлекет башчысынан кийин турган экинчи адам. Ошентсе деле, мамлекетке, бюджетке оорчулук келтирген жери жок го...

К.Ташиевдин Дубайдан вилла сатып алгандыгы, балдарынын жалаң кымбат баалуу жол тандабастарды мингендиги, солярка, бензиндердин аткезчилик жол менен Тажикстанга кетип жаткандыгы жөнүндө айтылды. Жаман көргөн саясатчыны, жетекчини абройлуу чет мамлекеттердин биринен үй же вилла сатып алды деп айыптоо бизде мурдатан келаткан, элди ынандырбай деле калган примитивдүү фейктерден. Буга чейин канча жетекчилерди антип айыпташпады, бирок алардын бири деле далилденген жок. Камчыбек Ташиев Дубайдан 2,6 миллион долларга вилла сатып алыптыр деген чындыкка жакындабаган калптардан. Биздин оюбузча, ага Дубайдан бекер үй берсе деле ал барбайт. Анын жан дүйнөсү, жүрөгү Кыргызстан деп гана согот, ал өзүн Кыргызстансыз элестете да албайт. Ал жакшыраак тиричилиги өтсө, бардыгына макул, кайыл боло тургандардан эмес. Ал анын саясый бейнесинен, жүрүм-турумунан эле көрүнүп турат. Бир ооз арабча же англисче билбесе, ага ал жакта эмне бар?  Андан көрө ага  тиричилиги кандай өтсө да ушерде эле жүргөнү жакшы эмеспи. Бирок, балдары каражат чогултушуп, жетпегенин атасынан сурашып, Россиядан өтө муктаж үй-бүлөгө 3 бөлмөлүү батир алгандары чын экен. Андай батирлердин баалары Россиянын көп жерлеринде Бишкектегиден көп деле айрымаланбайт, айрым аймактагыларыныкы бул жердегиден да арзан, андай батирлерди  Ош базарында отургандар деле алып жатышат.

“Ар ким башканы да өзүндөй ойлойт” дегендей, эбак чет мамлекеттерден үй алып, капиталдарын жайгаштырып коюп, бул жактагы куйруктарын тазалай албай жаткан окумал күркүлдөр жалданма жазгычтары аркылуу андай фейктерди таркатып жатышкандыгын ким деле болсо түшүнүп турат. Балдарынын бири-бири менен жарышып, жол тандабастарды минип жүргөнү, анын көзөмөлүндө солярка, бензиндердин аткезчилик жол менен Тажикстанга кетип жатканы жөнүндө конкреттүү фактылар барбы?  Билишибизче, жок. Демек, ал да фейктерден.

Мына ушундан улам өткөн жылы депутаттар Гүлшат Асылбаева, Айнура Осмонова тарабынан демилгеленип, бирок убагында кабыл алынбай калган “Маалыматтарды манипулияциялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун кайра карап, аны кабыл алуунун зарылдыгы жөнүндө айткыбыз келет. Эгерде бирөө башка адамды сөксө же негизсиз кол тийгизсе, ал кармалып жазаланат, бир нече жылга эркинен ажыратылышы да мүмкүн. Ал эми социалдык тармактар, айрым маалымат каражаттары аркылуу башка адамдарды  коррупционер, аткезчиликтин анабашчысы катары каралап, шыбап, аны мамлекет үчүн эң коркунучтуу инсандай көрсөтүп жаткандарга эмне үчүн  адекваттуу чаралар көрүлбөшү керек? Ошондуктан аталган мыйзам долбоорун кайра  демилгелеп, парламент каникулга кеткиче кабыл алуусу зарыл. Антпесе, андай көрүнүштөр социалдык тармактарды, ЖМКларды пандемиядай каптап кетип баратат. Ал эми ушакчылык, жалганчылык, карөзгөй жалаалар бийлик үчүн пандемиядан да коркунучтуу. Анткени, ал коомдо  ынтымакты кетирип, бийликти жаманатты кылып, аны элдин ишениминен ажыратат. Эч кандай бийлик ага жол бербеши керек!

Тынчтыкбек  Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити