Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 319

КР Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы, чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жетекчиси Камчыбек Ташиев ушул жылдын 25-апрелинде Өзгөн районунун Куршаб айыл аймагынын тургундары менен жолугушуусунда марттагы макулдашуулар боюнча Өзбекстанга алмашылган  Кемпир-Абад суу сактагычынын  плотинасы турган 50 гектар жердин Кыргызстанда кала тургандыгын билдирди. “Кемпир-Абадды бербейбиз дедиңер, демек бербейбиз. Ушул бойдон калтырабыз, үстү жагын чек ара кылып Өзбекстанга өткөрүп бербейбиз дедиңер, ошондой болот,- деди ал элге. - Биз силер шайлаган элдик бийликпиз, силердин талабыңарды аткарабыз. Асмандан түшө калган же бийликти басып алгандардан эмеспиз”.

Андан ары өзүнө мүнөздүү түздүк, батылдык менен  ата-энесине тийишкендердин тилдерин жулуп ала тургандыгын айтты. Чындыгында эле кайчы пикирлер, талаштар өз жолу менен, бирок ал жерге бирөөлөрдүн ата-энелерин аралаштыруу чектен чыккандык. Элди козутуп, тарыхый макулдашууну үзгүлтүккө учуратышып, Аксы, Ала-Бука аймактарындагы жүздөгөн миңдеген адамдардын түйшүктөрүн көбөйткөндөр эртели-кеч элдин, тарыхтын алдында жооп беришет.

Кемпир-Абаддагы 50 гектар жер Кыргызстанда калтырыла турган болсо, Аксы, Ала-Бука, Баткен аймактарындагы талаш участоктор кайра каралат, анткени, алар жогоруда аталган участок боюнча Кыргызстан компромисске баргандыгы эске алынып, ошонун тутумунда бирге чечилген. Кемпир-Абад суу сактагычынын плотинасы турган жер Өзбекстан үчүн стратегиялык мааниге ээ болгондуктан башка талаш участоктордо алар уступкага барышкан. Эми макулдашуунун Кемпир-Абад боюнча пункту жокко чыгарылса, Өзбекстан калган участоктор боюнча маселелерди кайра кароону талап кылып, ал маселелерде мурдагы позицияларынан баш тартса, чек аралар боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр кайра башынан башталабы? Тилекке каршы, ошондой болушу да ыктымал.

Куршабдыктардын айрымдары Камчыбек Кыдыршаевичтин убадасына сүйүнүшүп жаткан мезгилде кыргызстандыктарды, өзгөчө чек араларга чектеш айыл-кыштактарда жашагагандарды мына ушундай күдүктөр түйшөлтүп, ойго салууда. Анткени, чек ара менен чектешкен ар айыл өзүнүн кошуналарга алмашыла турган алакандай участогун коргоп, жалпы мамлекеттик, элдик кызыкчылыктарды эске алышпай, жер сабап отура беришсе, анда чек ара маселелери ушул кылымдын аягына чейин да чечилбейт. Ал участоктор нени эксе, ошонун баары өскөн тегиз сугат аянт болсо да бир жөн. Эч нерсе өспөгөн адыр же Кемпир-Абаддагыдай дөңсөө болсо деле ал үчүн ашыкча ызы-чуу жарата берүү акылдуу-эстүү логикага ылайык келеби?

Чек ара маселеси - эки тараптан тең чегинүүнү талап кылган аябагандай татаал маселе. Өзүңүздөр билесиздер, чегинүүсүз  чек ара түгүл, базардагы чычкак улактын деле тагдыры чечилбейт. Ээси бир бааны айтат, аларман экинчи бааны сунуш кылат, анан ары кетип, бери сүрүшүп отуруп, эки тарап бир баага токтойт. Анын сыңарындай, чек арадагы талаш участокторду талкуулаганда Кыргызстан бир вариантты сунуштайт, Өзбекстан экинчини айтат же бир участокто өзү чегинүүгө барса, экинчи участокко келгенде Кыргызстандан ошондой мамилени талап кылат. Эми Куршабдыктар Кемпир-Абад суу сактагычынын плотинасы турган жерди Өзбекстанга бербей коюшкандан кийин стратегиялык жактан андан алда канча маанилүү Унгар-Тоо кайрадан Өзбекстанда кала береби? Кыргызстандын өзгөчө байланыш жабдуулары орнотулган ал тоону көзөмөлдөгөн тарап байланыш, аскердик жагынан  Фергана өрөөнүнүн жарымын көзөмөлдөйт. Тилекке каршы, андай мүмкүнчүлүк Кыргызстандын колунан чыгып кеткени турат.

Биз Куршабдыктардын мекенчилдик сезимдерин урматтайбыз, ал жерде болбогондон кийин 50 гектар участоктун стратегиялык мааниси кандай экендиги жөнүндө айта албайбыз. Чынын айтсак, суу сактагычка Өзбекстан ээлик кылгандан кийин анын плотинасы турган жерге жабышкандын кандай реалдуу пайдасы, мааниси бар экендигин да түшүнбөйбүз. Анткени, баары бир Өзбекстан ал жерге эч кимди жолотпойт. Суу сактагычты андан эч ким тартып ала албайт. Эгерде чындап нааразы болсо, Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча И.Каримовдун убагындагыдай позицияда бекем туруп алышы да мүмкүн. Анда суу сактагычтын жалпы аянтындагы бизге биротоло өткөнү жаткан 1300 гектар участок да талаш жерге айланып кетиши  ыктымал.

Камчыбек Ташиев чек ара маселелерин чечүүгө активдүү киришип, бул маселеде Кыргызстан үчүн аябагандай пайдалуу макулдашууларга  жетишип, элдин жактыруусуна, колдоосуна ээ болду эле, эми ал процесстин арка кайтышына жол берилбеши керек. Аны ушул жылдын 10-майында Ошто Өзбекстандын ыйгарымдуу өкүлдөрү менен өткөрүлө турган сүйлөшүүлөр көрсөтөт.

Мирлан Дүйшөнбаев, Булак: “Майдан. kg” гезити