Урматтуу Аскар Акаевич! Сизди биротоло картайып, басар жолуңузду таппай, нары карап сүйлөгөн сөзүңүздү бери караганча унутуп кое турган акыбалга жетип, "старческий маразм" басып калганбы дейин десем, сиз азыр 77 эле жашта экенсиз. Бирок "Автор ТВ" медиа тармагына берген маегиңиздеги ойлонбой сүйлөгөн былжыр сөзүңүздү окуп, соо адам, болгондо да өлкөнү он беш жыл башкарган окумуштуу адам мындай сөздөрдү айтпаш керек эле деп таң калдым. Сизди Атамбаевге окшоп дөөдүрөп, оюна келгенди сүйлөй бербейт деп, подкаблучник экениңизге карабай Атамбаевден бийик коюп келгенбиз. Ошол сыйыңыз менен жүрө бербедиңиз: акырын басып, ойлонуп сүйлөп. "Балээ каяктан келет, өзүң тилеп албасаң" деп коюшат.

Сиз: "Менин өлкө башкаруу мезгилимде үй-бүлөлүк клан жок эле. Үй-бүлөлүк кланды Бакиев түзүп кетти",- деп, ушул турган 77 жашыңызда, болгондо да Орозонун ыйык күндөрүндө ыйманыңызды жутуп койгондон уялсаңыз боло. Эмне, арадан көп жыл өтүп кетти, эл унутуп калды деп ойлойсузбу? Кыргызстанды мышык ыйлай турган акыбалга алып келген сиздин он беш жылдык башкарууңузду унутуп болот бекен? Сиз өлкөнү талоонго коюп, фабрика, заводдорду талкалап, сатып, менчиктеп, кыргыз элин жоор болгон эшекке мингизгениңиз, илим-билим, маданият жана искусство, спорт, медицина, айыл чарба, мал чарба, койчу бардык тармакты жер менен жексен кылганыңыз аз келгенсип, өлкөдө кадр маселесин да кирбеген жерге киргизип кеткенсиз. Бийлик кызматтарына билимине, саясаттагы эмгек жолуна карабай, жалаң аялыңыз Майрамдын сыноосунан өткөндөрдү дайындап калгансыз. Сиздин президент деген куру эле атыңыз болбосо, өлкөнү Майрамыңыз башкарып калганын бүткүл эл билет. Эл оозуна элек коюп болобу, бир адам билген сыр (тайна) бул сыр. Ал эми эки адам билген сырды көчөдөгү ит да билет бир күнү. Ошонун сыңарындай, кызматка орношом дегендер дипломат толо акчасын көтөрүп Майрамыңыздын алдынан өтүшкөнүн баары эле ырдашып айтып жүрүшкөн ошол жылдары. Акчасы жок болуп Майрам эженин алдынан өтпөй калгандар ким экенине карабай кызматтан шыпырылып түшчү экен.

Эми жооп бериңизчи, бул үй- бүлөлүк клан эмей эмне? Сиз президент болуп турганда, уулуңуз, кызыңыз бирдейинен депутат болушкан. Бул үй-бүлөлүк клан деп эсептелбейби? Агаңыздын чоң кызматтарда иштегенин айтып: "Ал мага чейин жана менден кийин деле кызматтарда жүрдү",- дейсиз. Эмне, Бакиевдин үкеси Жаныш Бакиев, баласы Марат Бакиевдер Курманбек Салиевичтин президенттик учурунда жаңы эле пайда болдубу? Ага чейин алар эч жерде иштебеген, эч ким тааныбаган адамдар беле? Жаныш Бакиев СССРдин убагынан баштап аскердик карьерасын түптөп, сиздин он беш жылыңызда толук сиз менен иштешип, кыргыз элине эмгеги сиңбеди беле? Өзүңүз өз колуңуз менен сыйлык, наамдарды тапшырбадыңыз беле? Жаныш Бакиев, Марат Бакиевдер Баткен согушуна катышкандары эсиңизден чыгып кеттиби? Сиздин агаңыз мурда-кийин чоң иштерде иштесе үй -бүлөлүк клан болбой, ал эми Бакиевдердики үй -бүлөлүк клан болуп калабы? Сиз президент болгондо агаңыз ошол эле кызматтарында иштесе болот да, Бакиев үкесин, баласын ээлеп турган кызматынан бошотуп, ишсиз калтырыш керекпи? Эмне үчүн андай болуш керек? Эмне, сиздин көчүгүңүзгө алтын жалатылганбы же сиз хандын кызысызбы? Уялбайсызбы, чоң эле аксакал адам карыганда калыстыктан тайып, акылыңызды жеп бүтүргөндөн?

Керек болсо, сиз Бакиевдин этегине намаз окушуңуз керек. Рахмат деп, чөгөлөбөсөңүз да көзүн тиктеп карап ыраазычылык билдиришиңиз керек. Себеби, Бакиев беш жыл өлкө башкарып, бир да жолу сиздин атыңызга жаман сөз айтып, акаарат келтирген эмес. Болбосо, сиздин үстүңүздөн чөмүчтөп эмес, чакалап жугунду куйса жарашат эле, себеби сиз өлкөнү сазга тыгып, алтындан үлүшүбүздү тыйынга түшүрүп, кыргыз элин бүкчүйтүп өлкөдөн чыгып кеткенсиз. Раматылык уулуңуз Айдардын жебеген богу деле калбаган. Бирок Бакиев сиздин, сиздин үй- бүлөңүздүн аброюн түшүрө турган сөз айтпаган. Сиз бар быдырыбызды талкалап, бирок бир да жаңы нерсе жаратпай качып кеттиңиз. Талкалап жатканда, Акай атаңыздан калган мурас мүлктөй талкаладыңыз. Тургузганга келгенде, кыргыздарды "Кайда көрдүм кара эшек, жолдо көрдүм жоор эшек, бар өзүңөр тургузуп алгыла",- деп кол шилтеп, кыргыздарга көчүгүңүздү чапкылап кетип калгансыз. Ошол сиз талкалап түбүнө жеткен экономиканы Бакиев жаңыдан, нөлдөн баштап көтөрдү. Бар билимин, бир күчүн жумшап көтөрдү, бирок "Акаев жаман" деп бир да жолу наалыган жок. Бакиев эркек экен. Эркек болгондо да ата тарбиясын көргөн, тамырларында накта кыргыздын каны чуркаган чыныгы эркек экен.

Бакиевден кийин көрдүк го, сырткы көрүнүшү эркек, а бирок ички дүйнөсү ирип- чирип калган ушакчы катын окшогон башчыны. Алты жыл оозунан Бакиев түшпөдү. 7- апрелде өздөрү элди атып Бакиевге шылташты. Ячейкаларды, мүлктөрдү уурдап бөлүп алышып, аны да Бакиев алып чыгып кетти дешти. Түштүк согушун өздөрү баштап алышып, аны да Бакиевдин эсебине жазышты. А түгүл, Бакиев кеткенден кийин, арадан алты жыл өтүп ТЭЦ жарылганда да Бакиевдин атын кошуп сүйлөп жатканын өз кулагым менен укканмын.

Аскар Акаевич, сиздин ыр жомок кылып айта турган толгон токой кемчилдиктериңиз оркоюп турса да Бакиев ичине жутту. Чыныгы журт атасы экенин мүнөзү менен далилдеди. Жаман катынга окшоп, азыркы сиздей болуп ар студияга барып, өз баш оорусун башкага оодарган жок. Бакиев беш жыл кылган иштерди, силер Атамбаев экөөң, кошумчасына самозванка мырка үчөөң биригип да жасай алган эмессиңер.

Сиздин мындай пысмыйган "подлый" адам экениңизди Аксы окуясынан кийин билгенбиз. Ак үйгө бастырып барышпаган, сизден бийлик талашпаган, а түгүл Аксынын райадминистрациясына да жете элек элди ээн таалада аттырып, баарыңар топтолуп ошондо да Бакиевге күнөөнү оодаргансыңар. Эл деген сынчы болот, элдин көзүндөй көрөгөч, сезиминдей калыс касиет жок эч жерде. Аксы окуясынан кийин эле Бакиевди ЖКке депутат кылып шайлаганыбызда, аксылыктар Бакиевге 95% добуш берген. Бакиевдин тырмакча күнөөсү болсо, Аксы эли добуш берет беле?

Бакиевди бир ууч трайбалисттер тобу жалган жалаа, куру доомат менен кууп салышты. Бирок аны сыйлаган, аны сагынган, аны баалаган миллиондогон эли бар. А сиздинчи, Бакиевдей сыйыңыз барбы? В этом я очень сомневаюсь. Так что, Бакиевди өз жайына коюп, өзүңүздүн басып өткөн, анча деле жакшы эмес эмгек жолуңузду кантип тазаласам болот деп аракет кылыңыз. Жашыңыз бир топко барып калды, быягынан нарагы жакын болуп, акыйкат сүйлөп үйрөнүңүз бирөөгө акаарат кылганды токтотуп.

Шамурза Бөрүкулов