-Бүгүнкү күндө коомду түйшөлтүп турган чек ара маселеси. Анын ичинде Кемпир-Абад аймагы. Бул кечээ же бүгүн жаралып калган маселе эмес, мунун тарыхы өтө терең. Союз убагынан калган өксүктөрдүн бири. Мурунку, азыркы бийликтерден чек араны тактагыла деп талап кылганбыз. Мурдагы бийликтер угушкан жок. Азыр эми Ташиев менен Жапаров бул ишти колго алышканы ич жылытаарлык көрүнүш. Ооба, чек ара такталаарда талаш-тартыш болот. Өзбек же тажик тарап айтат "бизге бул жерлерди бергиле", - деп биздин аймакка чейин кирип. Биз да айтабыз: "Жок, силер бизге бул жерлерди бергиле", - деп алардын аймагына кирип. Ошентип, талашып жатып такталчу нерсе да бул. Азыр чек арага байланышкан бардык сүйлөшүүлөрдү коомго ачык айтып жатышат, бул колдоого алаарлык. Мадумаров спикер, мамлекеттик катчы болуп турган маалда бизди элди шыкактап жумуртка менен кубалаткан. Ыраматылып Болот Шерге кол көтөрткөн. Арсланбап токой чарбасын талкалатканын, Баткендеги жерлерди берүүгө кол койгонун айтпай эле коеюн. Элге бир ооз айтып, кеңешпей туруп грузин геологго Манастын күмбөзүн каздырган алтын табам деп. Ошондон бери иши жүрүшпөй келатат. Азыраак элди топтоп алып, бүлүк салуу душмандын кылыгына тете нерсе. Жеңиш Молдокматов деген да жүрөт өзүн Касым Тыныстановдун мураскериндей сезип алып, "Туран" демократиялык партиясы деп түзө коюп, ага жамынып. Алардын жасап жаткан иштерин карайлычы? Америка, Батыш бүтүндөй бузукулук кылып, чек ара маселесине байланыштырып Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстанды Орусиянын таасиринен чыгарып, согушка жеткиргиси келип жатат. Орто Азияга бүлүк салууну көздөөдө.
Биз Жапаровго да, Ташиевге да кайрылып жатабыз, "Американын таасиринде калгандар чыр чыгаргысы келип жатат, тезирээк чек араны тактагыла", - деп. Экөө эриш-аркак болушуп, ишти колго алышты. Камчыбек Ташиевге эле жалгыз чек ара, Кемпир-Абад керек эмес да. Өлкөнүн бакыбаттуулугу, тынчтыгы баарыбызга керек эмеспи. Чатак салгысы келгендерге Кемпир-Абад жөн гана шылтоо болуп жатат. Бизге азыр ынтымак керек.