Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычы элдин талабынан улам коңшу өлкө менен орток башкарууга берилбей турган болду. Эми Өзбекстан менен чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр оорлошот. Мындай пикирин "Саясат. kg" маалымат порталына экс-депутат Марлен Маматалиев билдирди.
"Албетте, эми Өзбекстан менен болгон сүйлөшүүлөр оорлошот. Бирок дагы деле Өзбекстанга Каримовдой президент келип калса, чек ара маселесин чечмек тургай жерибизди метрлеп жоготобуз. Ошон үчүн бул маселени убакытты созбой тез чечиш керек. Бийлик бул жагынан туура эле жолдо бараткан", - деди ал.
Ошондой эле, бийликтин чек ара маселесин чечүү аракетине каршылык көрсөткөндөр өз кызыкчылыгын ойлогондор деп белгиледи:
"Мамлекеттик маселелерге тоскоолдук кылгандар өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын гана көздөшүп, калп эле элди бетине кармагандар. Тагыраагы, булар эл душманы. Ошолор бийликтин аракетин жокко чыгаргысы келип, болушунча каралап жатышат. Ал эми реалдуу эл үчүн күйгөндөр алар патриоттор".