-Осунбек мырза, тарифтерди жогорулатууну адистер аргасыз кадам катары айтса, айрым саясатчылар электр энергиясын энергобарондор гана сазга батырып жатат дешет. Эмне үчүн электр тармагы жылдан жылга карызы көбөйүп, сазга батып баратат?
-“Электр станциясында” директорлор кеңешинин мүчөсү болуп иштеген адам катары айтсам, тариф 77 тыйындан болгон үчүн "Электр станциясы" ААКсы карызга батып кеткен, ал кредиттердин пайызы, сомду долларга которгондогу айырма менен жылдан жылга көбөйүп, сазга батып бара жатат. Мен да жаран катары, саясатчылардын сөзүнө ишенип, ГЭСтер өзүбүздө болсо тариф арзан болуш керек деп ойлочумун, көрсө таптакыр андай эмес экен. Мурун светти уурдагандар көп болгон, аны акылдуу счетчик коюп ууруну кыскартышты. Ошондо да 15,16 пайызы техникалык жоготууга учурайт. Анткени, жабдыктар абдан эски. Аларды эптеп оңдоп келишет.
-Андай болсо эмнеге өздүк наркы арзыбаган тыйын болгон электр энергиясы элге жеткенче кымбаттап кетет?
-Бул жерде дагы популизм орун алат. Мындай сөздү көп учурда элдин колдоосуна ээ болууну самаган, упай топтогусу келген саясатчылар айтат. Алар электр тармагындагы маселенин түпкүлүгүн билбей туруп эле айлык маяна жана башка чыгымдарды санасак, тарифти 77 тыйынга калтырыш керек же 12 тыйындан кылыш керек дей беришет. Чынында маселе алар айткандай эмес.
-Эгер чындап электр тармагында маселе орчундуу болсо, эмнеге буга чейин тарифти жогорулатышкан эмес?
-Тариф саясатташып кеткен үчүн жана тариф көтөрүлсө эл көтөрүлүп кетет деген коркуу менен бийлик тарифти көтөрбөй келишкен. 2010-жылдан кийин деле 77 тыйын менен кармап келишип, айла жок кийин тариф көтөрүлдү, азыркы бийлик деле башында тарифти ылдыйлатабыз дегени менен реалдуу жагдайды көргөндөн кийин тарифти көтөргөнгө аргасыз болууда, буга жалпы эл күбө болду десек болот. Эгер, мурунтан тарифти саясатташтырбай, жылына 10 тыйындан кошулуп келгенде, тариф мынча өсмөк эмес. Эми азыр тарифти көтөрүлгөн бойдон калтырыш керек, бирок жыл сайын 3,5 тыйындан кошуп жүрүп отурса, маселени чечкенге, абалдан чыкканга жардам болот.
Ошондой эле, альтернативдүү электр энергиясын өндүрөбүз деген инвесторлордон “шапке-акча” сурабай иштешине мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Мындайча айтканда, комплекстүү иш алып барсак, электр энергиясын өз нугуна салса болот.