-Турат агай, электр энергиясына болгон тарифтер жогорулайт, элдердин  жашоо-шартына жараша коюлат дегенден бери коомчулукта түрдүү пикирлер айтыла баштады. Абалдан чыгуунун айласы катары бири колдосо, эптеп жан багып жаткандар караманча каршы чыгышууда. Электр энергиясына болгон баа жогорулашы керекпи  же ушул бойдон калганы оңбу?

-Электр энергиясына болгон баанын жогорулашын 5-10 пайыз эле  киши колдобосо, калгандары каршы эле болсо керек. Мисалы, сен экөөбүз кедейлердин категориясына кирбейбиз. Азыр жайында 500 сомго чейин төлөп жүрсөк, эгер электр  энергиясы кымбаттаса, андан көп төлөй турган болобуз. 85-пайызы эл кымбат тарифке туш болот. 5-6 пайыз эл эле  арзан алат. Элдин нааразычылыгын жаратпаш үчүн жайында 1 сом 4 тыйындан 1500 кВт.с бериши керек.  Андан ашкандан кийин кышкы сезон учурунда электр энергияны үнөмдүү пайдалангыла деген тартипке алып келебиз дей турган болушса, 1сом 50 тыйындан кылып коюшсун. Бардык жактан эле элдин жонунан кайыш тиле берсе, эл чыдабайт. Анткени, кышында 4-5тен баштап эле жарыкты күйгүзө баштайсың. Биз электр энергиянын очогунда турабыз. Ошондуктан, элди кымбат тариф  менен кыйнабай жашоо-шартын жеңилдетүүнүн жолун табышыбыз керек. Маселен, Түркменияда газ чыгат. Алар мурун бекер пайдаланышчы. Ысырап болуп кеткенинен азыр символдук сумма гана төлөшөт. Биз да келечекте элди эң арзан электр энергиясы менен камсыз кылганга жетишишибиз керек.

-Жол кире да 19 сом болот деген маалымат тарай баштады. Айдоочулар иш таштайт деген да сөздөр айтылып жатат. Эгер жол кире кымбаттаса, эл көтөрө алабы?

-Пенсия, пособие жогорулабай, айлык-акы көтөрүлбөй эле  азык-түлүккө болгон баа асмандады. Эми жол кире кымбаттаса, элге күч келет го. Минтип отурсак, элдин нааразычылыгын токтото албай калабыз. Ошондуктан, өкмөт кескин чараларды көрүшү керек. Цивилдүү мамлекеттерде инфляция болуп жатканда, тамак-ашка болгон баа жогорулаганда сөзсүз түрдө айлыктарын көтөрөт. Тагыраагы, айлык аркылуу пенсия аркылуу мамлекет компенсация кылат. Ошондуктан, Өкмөт, Президент, Парламент биригип, кризистик абалдан чыгуунун жолун табышы керек. 

-Айтканыңызга ынаналы. Бирок, тарифтердин жогорулашы аргасыз кадам катары түшүндүрүп, мындай жолго барбасак энергетика тармагы кыйроого учураганы жатат дешти го адистер....

-Энергетика тармагын эл карыз кылган жок да. Ал карыз Акаевдин убагынан бери келе жатат го. Энергетиктер оңой олжого ээ болуш үчүн  Ширшовдун системасын киргизип алгандан кийин ал тармакта карыз көбөйдү. Эми элдин жонунан кайыш тилдирбей укук коргоо органдары энергобарондорду таап чыгып, кустуруп,  карызды төлөтүшү керек. Ошондо гана адилеттүүлүк орнойт. 

-Турат агай, неге Камчыбек Ташиевдин чек ара маселесин чечем деген аракети сынга кабылды? 

-Эгемендик алганыбызга 30 жылга чукулдап калганы менен 30 жылдын ичинде бир да президент чек ара маселени чечүүгө батынышкан эмес. Жаңы эгемендикке ээ болгон жылдары эле бул маселени чечип алганыбызда азыркыдай көйгөйлүү маселелер жаралмак эмес. Анткени, ал мезгилде жер маселесине жергиликтүү эл кийлигишчү эмес,  мамлекет чеччү. Аскар Акаев президенттер менен отуруп, өкмөт менен кеңешип чечип койгондо азыр мындай маселелер жаралмак эмес. Биз бир нерсени эске алышыбыз керек. Убакыт өткөн сайын чек ара маселесин чечүү татаалдашат. Анткени, биз учурунда чек ара маселесин чече турган убакытты өткөрүп жибергенбиз. Азыр бир сотух жерди дагы кыйынчылык менен чече турган мезгилге келдик. Бул биринчиси. Экинчиси, чек ара маселеси жер алмашуу менен гана чечилет. Өзбекстанда деле биздегидей утулуп жатабыз деген абал болсо керек. 

-Жергиликтүү элди бирөөлөр бийликке  каршы тукуруп жаткан жокпу?

- Жергиликтүү элдер ата-бабаларынан бери жашап, иштетип жүргөн жерлерди эч кимге бергиси келбейт. Бул адамдын психологиясы. Ошол жагынан чек ара маселесин чечүүдө маселе жаралып, нааразы тараптар митингге чыгып, жерибизди бербейбиз дешти. Чынында жергиликтүү элдин да  көтөргөн маселесинин  жөнү  бар. Алар өздөрү жашаган  райондун, айылдын жерин сактоо иретинде  аракет кылышып,  маселе көтөрүп жатышат.   Камчыбек Ташиев болсо, мамлекеттик деңгээлде чек ара маселесин чечүүгө киришип жатат. Ал талаш жараткан жерлер боюнча  чогултулган документтердин баарын иликтеп чыгып, ошого жараша иш кылып жатса керек. Бирок, бул абалды  3-4 айдан кийин Жогорку Кеңешке шайлоого катыша тургандар пайдаланып жатышкандай. Тагыраагы, кээ бир шайлоочулар дивидент алыш үчүн жергиликтүү элдин маанайын байкап көрүп, ошого жараша аракет кылып жатышкандай. 

Чынында чек ара маселесин  чечип албасак, тигил тарап басып алды, бул тарап өрт койду  деп жарат алгандар, өрттөн чыгымга учурагандар боло берет. Ошон үчүн тез арада чек ара маселесин чечип, делимитация, деморкация ишин бүткөрүп алсак, чек аралар такталып эл ар жактан бер жакка, бер жактагылар ар жакка өтпөй   тынчып, абал турукташып калат эле. 

-Ташиев чек ара маселесин чечүүдө туура эле жол менен баратабы?

-Чек ара маселесин ким чечсе да Ташиевдин ыкмасына салат. Анткени, ал жерде андан башка жол жок. Баарыбыз эле кээ бир жерден алардын шартына көнөбүз. Кээ бир жерден алабыз. Чек ара маселеси дүйнө жүзүндө ушундай гана жол менен чечилет. Чек арага саясатты аралаштырып, элди көкүтпөй турушса болмок. Азыр чечип албасак, жыл өткөн сайын оорлоп отуруп, чек арадан согуш чыгып кетиши мүмкүн. Ошон үчүн акылга келип, кеңешип чечип алышыбыз керек.  Тагыраагы, Ташиевдин чечимин колдоп турганыбыз оң. Ташиев да Кыргызстандын патриот жигиттеринин бири. Ал деле маселени Кыргызстанга пайдалуу кылып чечүүнүн аракетин көрүп жатат.

-Эми Кемпир-Абаддын  маселесин кантип чечебиз. Элдин талабы эске алынып, маселе ошол бойдон калаары айтылды...

-Кемпир Абад маселесин өзбек туугандаржы компенсация төлөтүү менен чечкенибиз оң болот деп ойлойм.
 Анткени, ошол суу сактагычты курганда жергиликтүү тургундардын бир канча гектар жери суу алдында калган. Ал суу сактагычты бир канча жылдан бери өзбектер пайдаланып келгени чын. Союз убагында эле компенсация иретинде айтылган жерди да толук беришпегени ачыкка чыкты. Ошондой эле Өзбектер сууну да сугат жерине пайдаланып, ал суу менен  ГЭСтерин да иштетип, элин багып жатканы чын. Ошон үчүн мурдагы, кийинки келишимдерди эске алып, компенсация сураганыбыз туура болот деп ойлойм. 

-Компенсацияга эмне сурашыбыз керек? Акчабы же башка нерсеби?

-Менимче, сууну пайдаланганыңар үчүн газ бергиле дешибиз керек. Алар берген газ менен түштүк жергесин  камсыздасак болот. Кыскасы, жерибизди да, суубузду да берип кала бербешибиз керек. Камчыбек Ташиев да ошол эле чек араны аныктаган комиссиянын мүчөлөрү да бул жагын эске алат деп ойлойм. 

-Бирок, мамлекеттик маселени чечүүгө киришип жаткандарга каршы чагымчылдык кылгандарга эскертүү берилиши керекпи же жазаланганы туурабы?

-Мамлекеттик маселелерди чечүүгө киришип жатканда өз саясатын ишке ашырып алууну көздөгөндөр да, ошол эле мезгилде  чагымчылдар да болот. Кандайдыр бир ызы-чуу чыкса экен деген топтор да болот. Алар тууралуу укук коргоо органдарында жетиштүү маалыматтар болсо керек. Ошолорго эскертүү берилиши керек. Дагы бир жолу тоскоолдук жаратсаң чара көрөбүз дешкени туура.