Коомубузда тынчтык болбой, эл ынтымакка келбей, башаламандык өкүм сүрүп, мамлекетибиз өнүгүү жолуна түшпөй бийликтин иши жүрбөй жүдөп-какай беришибизге кызыктар күчтөр бар. Мындай күчтөр барган сайын өз аракеттерин тымызын күчөткөнү байкалууда. Ал кандай күчтөр? Муну ачыкка чыгарбасак болбой калды.

Биринчи, коррупционерлер. Айыбы ачылып сурактан суракта жүргөндөр. Жеп ичкенин "кусуп" жаткандар. Эртедир- кечтир менин деле коррупциялык иштеримдин бети ачылып, мага деле кезек жетет го деп күткөндөр. Булар жана булардын айланасындагылар отко -сууга түшүп колдон келген каршылыгын жасашууда.

Экинчи, ар кандай мамлекеттик майлуу кызматтарда кесиби, иш билгилиги туура келбесе да тааныштары, туугандары аркылуу оруношуп алып май көл, сүт көлдө жашап келаткандар. Эми кызматымдан кол жууйм го дешип тиштенип отурушат же бош калышты. Булар да тымызын аракет көрүшүүдө.

Үчүнчү, байлыгынын күчү менен партия түзүп, саясатка, мамлекеттик кадр иштерине кийлигишип, ар кандай саясый интиригалар, оюндарды жүргүзүү аркылуу өздөрүнө аброй күтүп, жеке кызыкчылыктарын чечип келаткандар. Эмне кылаар айлаларын таппай кыжынышып тымызын ишти иритүү аракеттерин көрүшүүдө.

Төртүнчү, мамлекетик кызматта иштегендер менен мамиле түзүп, салыктан качып, ар кандай мыйзамсыз жолдор менен баюуга кыныккан ишкерлер. Бажы тармактары аркылуу мыйзамсыз контрабандалык товар ташыгандар. Канткенде көнгөн системаны сактап калсак дегенде эки көздөрү төрт.

Бешинчи, каралар аталган кылмыш чөйрөсүнүн өкүлдөрү. Ишкерлерге жана жогорудагы мыйзамсыз байыгандарга салык салып, ал түгүл мамлекеттик кадр саясатына чейин кийлигишип мамлекет ичинде мамлекет түзүп алгандар. Булар да санаага батышып көнгөн жашоолорунан ажырап калбоо аракеттерин көрүшүп, жогоркуларга кайсыл учурда болсо да жардамга келүүгө даяр.

Дагы эки өтө коркунучтуу түрү бар. Өкүнүчтүүсү аларды ачык айтууга болбойт. Бул жашыруун иш. Эркин жазмакер болсом да аларды атай албайм. Мына ушул “жети баш” бүгүн колдон келишинче али күчүнө кире элек жаңы бийликти ушундай алсыз кезинде баш көттөртпөй багындырып тынчыталы же таптакыр жок кылалы дешип жан үрөп тымызын да, ачык да күрөшүүдө. Муну коомчулук ачык билип түшүнүшү керек. Бүгүнкү бийлик жаңы иш баштап коррупция менен аеосуз күрөшөбүз, реформа жүргүзөбүз дешкенде жазгам “Силердин алдыңарда жети баштуу ажыдаар турат. Ошого алыңар жетээр бекен”- деп. Так ошол мен атаган жети баштуу ажыдаардын баштарын санап бердим. Туура жол менен өнүккөн мамлекеттерде мындай жети башты чоңойтуп, өстүрүп жибербей жок кылып турат.  Минтип күчкө кирип өсүп алгандан кийин эми буларды “кыя чаап” жеңиш  кандай кыйын. Кандай кыйын.

Бул “жети баштын” эң коркунучтуу жагы - көзгө көрүнүп, колго кармалбагандыгында. Булар бардык жерде болушу толук мүмкүн. Болгондо да бийликтин жогорку бутактарында, мисалга Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин оң колтуктарында тымпыйып жүрүшү да мүмкүн. Күндүзү жылмаңдап иш кылымыш болуп, бирок жарытылуу иштебей колдорунан келишинче убакытты чоюп, түнү талапташтары менен кантип каршы иштерди уюштурууну пландап атышканын билүү кыйын.

Ошондуктан, жазгам “Биздегидей бузулган, коррупцияга кекиртегине чейин баткан мамлекетте реформа жүргүзүү тозоктун отун кечкенге барабар”- деп. С.Жапаров: “Алган багытымдан кайтпайм. Баштаган реформанын аягына чыгууга саясый эрким жетет”- десе анда ишин тайманбастан коом алдында ачык жүргүзгөндүгү менен улам барган сайын жеңишке жетет. Бүгүнкү бийликтин күчү мыйзамдуулукта, чындыкта, ачыктыкта. Өзүңүздөр деле калыс болгула жогорку мен атаган “беш баш” эмнеден катуу коркот? Мыйзамдын туура иштешинен. Чындыктан.  Ачыктыктан жаны чыккыча коркушат. Бир эле мисал. Кана кимиси ачык айта алат? “Менин ар кимге каттаткан 15 квартирам бар”- деп. Өлүп баратса да айтышпайт. Тескерисинче, ошол ачыкка чыкпаса экен деп коркот.

Ошондой эле, бийликтин да өзүн колдогон калың катмары болушу керек. Алар кайсыл катмар?

Биринчи, буга чейин бийлик тарабынан керек болгондо каалашынча пайдаланылып, анан кайра унутта калуучу интеллектуалдык катмар. Медкызматчылар, мугалимдер, майда муниципалдык кызматчылар. Булар менен иштеш жеңилдей көрүнгөнү менен эгер кызыкчылыктары туура чечилбесе иштеп аткандай түр көрсөтүшүп, бирок кыймыл кылышпайт. Дымырап кайдыгер тура беришет. Демек, биринчи кезекте ушул катмардын кызыкчылыктарын биринин артынан бирин чечип баштоо керек. Маяналарын көтөрүп, жашоо шарттарынын жакшырышына кам көрүп дегендей.

Экинчи, пенсия, пособия менен жашаган катмар. Эгер булардын кызыкчылыктары кичинеден чечиле баштаса тике туруп, эч жакка ооп кетпей туруктуу колдоочу катмар ушулар.

Үчүнчү, мекенчил жаштар. Кандай караган күнүбүздө да мамлекетибиздин, улутубуздун келечегине кайдыгер карашпаган прогрессивдүү жаштар бар. Алар мамлекет кайда баратканын жана келечеги кандай болоорун ачык билишсе. Туура жол менен өнүгүп баратканына ишенишсе көкүрөктөрүн окко тосуп болсо да колдошот.

Төртүнчү, мыйзамды сыйлаган, ак эмгектери менен таза иш жүргүзгөн ишкерлер. Алар паракорлуктан, "черныйлары" деле келип чоң болгон ар кандай кысымдардан тажап бүтүштү. Чындап мыйзамдуулук орнооруна ишенишсе тике туруп колдошот.

Биринчи, экинчи катмарды өз бооруна тартып колдоосуна ээ болуш үчүн чоң каражат керек болот деп кысынбай, чечкиндүү иш баштаган туура. Эгер коррупционерлер мамлекеттен уурдаган каражат менен бул эки катмарга корогон каражатты эсептеп чыксаңар коррупционерлер уурдаган каражат эки эсе көп болот. Үчүнчү, төртүнчү катмарды ишенимге жеткизип өз жагына тартууга күчтүү идеология керек. Деги эле күчтүү идеология бардык багыттардын туура өнүгүүсүнө жол ачат. Башкысы бул катмарлар коомдун негизги бөлүгүн түзөт. Жана коомду туура багытка бет алуусуна күч болуп бере алат. Демек, ушул катмарды колдон чыгарбоо керек.

Коом деген коом эртең менен турганда ким биринчи катуу кыйкырса ошону ээрчип тамтаңдай берген “калжың” катмар да бар. Ким көбүрөөк төлөсө ошого баш көтөрбөй кызмат кылып, мамлекеттик, улуттук деген кызыкчылыктарды уруп да ойнобогон, күнүмдүк жашоо менен жашаган. Башканы кой, өзүнүн балдарынын келечегин да ойлой албаган “сатылма” катмар деген да бар. Көкүрөк көксөөсү атын башындай (амбициясы), бирок жашоодо эч нерсеге жете албаган, жеке жашоосун да жолго кое албаган өксүк акылын өзү түшүнбөгөн, тили менен буудай куургандан башкага жарабаган, бирок бул жашоодогу эч нерсеге жетпеген кедейлигине өзүн эмес, айланасындагыларды күнөөлөгөн “псих оорулуулар” деген катмар бар. Булар эми коомдогу саркынды катмарлар болгондуктан коомго катуу деле таасир бере алышпайт. Өздөрүнүн жана өздөрүнө окшогондордун арасында урунуп-беринип жүрө беришет. Буларды көп учурда жогорку “жети баштуулар” оюнчук кылып пайдаланышат.

Коомдун ички түзүлүшүн катмарларын так ажырата билүү аны туура жолго салууга шарт түзөт. Коом туура жолго түшсө бийликтин мамлекетти экономикалык жактанбы, руханий жактанбы өстүрүп өнүктүрүшү жеңилдей.

Чолпонбек Абыкеев