-Кемпир-Абад боюнча элдин талабы эске алынды. Эми ал маселе ачык бойдон калып, чек ара такталбай калбайбы?
-Чындыгында бул качантан берки чечилбей келген маселе экен. Бийлик чечем деп аракет кылганына карабай каршы чыккандардын айынан маселе ачык бойдон калышы да мүмкүн. Бирок бул ишти чечүүдө эски картаны Москва шаарынын архивинен таап чыгып, эки мамлекеттин үлкөндөрү ортого жайып алып, туугандарча сүйлөшүп, чечүүнүн жолун талкуулашса жакшы болот эле деген ойдомун. Чынында бул маселенин ачыкка чыкпаган нюанстары да бар болсо керек. Кыскасы, чек ара маселеси өтө талылуу маселе. Ошон үчүн бул ишке жер маселесин жакшы билген эски адамдарды жана кесипкөйлөрдү кошуш керек. Эң негизгиси "Өгүздү өлтүрбөй, арабаны сындырбай" чече турган жолун табыш керек.
- Эми Аксы, Ала-Бука районунун элине пайдалуу келишим жокко чыгып, Кемпир Абаддан баш тартканыбыз үчүн Аксы чөлкөмүндөгү жүз миңдеген элдин убалына калып калбайбызбы?
-Мен азыр Ала-Букага барган учурумду эстеп турам. Элдер айтышкан “башта өзбектер тээ алыста болчу, улам жылып отуруп жолдун боюна келип калышты” деп. Айткандай эле Өзбекстан менен авто жол гана бөлүп турат экен. Эгер ал жол болбосо дагы эле келе бермек окшойт. Бирок, өзбектер жак жапжашыл, кыргыздар жак куурай басып жүдөп турат экен. Негизи жалкообуз. Жерлерди иштетип карап турсак, балким эч ким келип басып алмак эместир. Ээн жаткан жерге көз артышып. Алып алышкан окшойт.
- Мамлекеттик маселелерди чечүүдө чагымчылдык уюштуруп, тоскоолдук жараткандарды жазалаш керекпи?
-Албетте, маселенин өзөгүн жакшы билбей туруп, туурадан кыйкыра бергендердин тизгинин тартыш керек. Ал жерди бир да жолу көрбөсө да, тамагы айрылгыча кыйкыргандар, эптеп бийликтин ишине тоскоолдук жаратып, ызы-чуу чыгып турса дегендер эле. Андай экен Бек-Абаддан өтө албай Өзгөн аркылуу чаң жол менен каттап жатканда кыйкырып чыгышпайт беле. Шахимардан деген бейиштей жерибиз кетип жатканда кыйкырышпайт беле.
Акыркы мезгилдеги окуялардан улам, ай дээр ажосу жок, кой, дээр кожосу жок кандай эл болуп баратканыбызды түшүнө албай калдым. Ызы-чууну токтотуп, өнүгүп-өсүштү ойлосок жакшы болот эле.