Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 378

-Рамазан мырза, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча элдин талабы орундала турган болду... Эми ал маселе ачык бойдон калып, чек ара такталбай калбайбы?

- Кемпир -Абад маселеси  акырындап чечилет. Камчыбек Ташиев эл менен жолугуп, элдин  мүдөөсүн угуп, чогулгандардын талабын эске алып, жагдайды түшүндүрүп туура иш кылды. Чек ара маселеси совет доорунда чырмашып калган. Азыркы бийлик чиеленишкен маселени чечем деп киришип, чырмашып калган жагдайдын кесепетин тартып жатат.

-Эми Аксы, Ала-Бука районунун элине пайдалуу келишим жокко чыгып,  Кемпир -Абаддан  баш тартканыбыз үчүн  Аксы чөлкөмүндөгү жүз миңдеген элдин убалына калып калбайбызбы?

-  Аксы, Ала-Буканын да эли менен макулдашып чечиш керек. Кандай болгон күндө да бийлик чырмашкан маселени чечүүнүн жолун табышы керек. Ошондой эле  чек араны чечем деген эрки бар бийликтин аракетин колдошубуз керек. Себеби чек ара маселесин чечип, юридикалык точка койбосок, бул маселе опурталдуу бойдон калат. Ошондуктан Өзбекстандын  бийлигинин көз карашы бизге түз болуп тургандан пайдаланып, бул маселени чечип алышыбыз зарыл.