Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 343

Бүгүн, 26-апрелде Камчыбек Ташиев Ала-Бука районунун Чоң-Сай айылынын эли менен жолугушту. Эске салсак, кечээ Ташиев Өзгөн районунун эли менен жолугушуп, чек ара маселесине байланышкан суроолорго  жооп берген. Андан кийин Ала-Бука районунун тургундары да УКМКнын төрагасынан алар тарапка да келип, чек араны тактоо боюнча маалымат берүүсүн өтүнүшкөн.

Жолугушуунун катышчууларынын айтымында, Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасынын Ала-Бука аймагындагы тактала элек жерлерди делимитациялоо жана демаркациялоо аракеттери кандай болуп жатканы тууралуу кеңири маалымат берди. Анын жүйөлөрүнө жергиликтүү тургундар ынанышып, ал ишти мындан ары да уланта берүүсүнө макулдук беришти.