“Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек ара тууралуу митингдин аркасында өздөрүнүн популярдуулугун көбөйткүсү келген саясатчылар турат. Бирок алар жоопкерчиликтен коркушат”- деди Борбордук Азия боюнча эксперт Григорий Михайлов.
Чек ара көйгөйүн чечүү татаал бирок, өтө зарыл нерсе. Чек арасы чечилбеген айрыкча күчтүү кошуналары бар өлкө келечекте кагылышуулардын болушуна тобокел кылган болот. Чек ара тууралуу көйгөйлөрдү чечүү чоң саясий эркти жана жоопкерчиликти ошондой эле жактын жалпы тил табышуусун талап кылат. Менин билишимче, Ташкенттин расмий өкүлдөрү “ступкага” бара турган жөнөкөй адамдар эмес. Алар менен келишимге барып, бир чечимге келүүнүн өзү азыркы кыргыз бийлигинин чоң эмгеги. Бул кырдаалдын өзгөчөлүгү бул маселенин кандай вариантта чечүүгө аракет кылышса да, ага нааразы болгондордун болушунда болуп жатат. Тагыраагы, бийликтин аракетин жергиликтүү тургундар сындап жатышат. Аларды ар кандай саясий күчтөр да тымызын тукурууда. Жергиликтүү тургундардын тынчсыздануусу го түшүнүктүү. Бирок, эмнегедир бу сапар делимитация, деморкация кылып, чек араны тактоо, талаш жерлерди алмашуу жолу менен чечүү адаттагыдан тыш болуп жатат. Эми эки жактын бийликтери бул маселелерге тең салмактуу карашы керек. Эгерде чек араны аныктоо же жер алмашууда элдер жабыр тартса, жеңилдиктер, компенсациялар берилиши зарыл. Тилекке каршы, бул жагдайдан пайдаланып, теманы өздөрүнүн арам ойлоруна пайдаланып, ошол жердеги жаңжалды утуру козутуп, элдин арасында бүлүк салып, өзүнүн популярдуулугун жогорулатып жаткан адамдар да жок эмес. Бул адамдар мурун бийликте болгон жана бул маселеге эч качан башын тыккан эмес.
Ошондой эле, тобокелчиликке барбаган, жоопкерчиликтен корккон сынчылар десек туура болот. Кандай болгон күндө да, азыркы бийликтин Кыргыз Республикасы менен Өзбек республикасынын ортосунда келишим түздүргөнү чоң эмгек жана ийгилик.