Коомдук активист катары өлкөдөгү ар кандай окуяларга пикирин билдирип жүргөн Жеңиш Молдокматов жакында Кара-Суу районунда жайгашкан Кемпир-Абад суу сактагычына барып, бул боюнча да өз оюн айтты. Ал плотинанын коңшу өлкөгө берилип жатканын туура эмес деп таап, бул боюнча Камчыбек Ташиевди айыптады. Ошондой эле, бул маселе боюнча жакында курултай өтө турганын кабарлады.

Суу сактагычка эринбей барып, ал боюнча билсе-билбесе да өз пикирин айткандан кийин “Жеңиш Молдокматов ким өзү?”- деген ой жаралаары бышык. Бул киши көп жылдан бери саясатка аралашууга аракеттенип, ар кайсы партиялардын катарында жүрдү. “Замандаш” партиясынын төрагасы болуп, парламенттик шайлоого аттанганын көпчүлүк билсе керек. Шайлоо алдындагы жарышта өлкөнүн келечегине күйгөн адам болуп, көп жакшы максаттарын жарыялап, гүлдөгөн, ынтымактуу, биримдиктүү мамлекет курууга салымын кошоорун жакшы эле убадалаган. Бирок 6-октябрдагы окуяларда чыныгы жүзү суу үстүнө калкыды. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жандап, түрмөдөн чыгарууга кошула барып, жанында жүргөнү, эртеси борбордук аянтка ээрчий келгени, мурдагы президенттин бузуку максатына багытташ экенин аныктады. Маркум Мухтар Өмүракуновдун жакшы элеси үчүн “Замандашка” жан тарткандар Молдокматовдун кылыгы үчүн уялып, кечээ эле башка сөз сүйлөгөн адамдын тереңинде такыр башка максат бардыгын байкабай калышканына таң калышкан. Ушул окуя себеп болдубу же башка жүйөөсү барбы, айтор андан кийин тез эле Молдокматов партиянын төрагалыгынан түштү. Ушуну менен активисттин чоң саясатка жол издөөсүнө тосмо коюлгандай сезилген, бирок “Туран” партиясы негизделип, ага жетекчи болуп чыга келди. Активисттин максаты, багыты эл биримдигин, ынтымагын бекемдөө эмес, эл ынтымагына ажырым салып, мамлекетти экиге бөлүү, чагымчылдык кылып, эл менен бийликти бири бирине тукуруу экени жогоруда айтып кеткендей 6-октябрдагы окуялардан кийин айкын болгондуктан, жетекчилигине ушундай адамды алып келген “Турандын” түптөлүүдөгү максаты күмөн ойду жаратпай койбойт.

Бул сапар да Кемпир-Абадга жетип барганын мурда ишке ашпай калган пландарын аткарууга камылга деп түшүнүүгө боло тургандай. Суу сактагыч стратегиялык объект экенин, анын тагдырын чечүү бийликке берилбегенин белгиледи. Бирок алгач пикирин айтаардан мурун, анын чечип жаткандардын аракетин, максатын жакшы түшүнүп алса болчудай экен. Камчыбек Ташиев жана тийиштүү кызматтар кыргыз-өзбек чек ара маселесин чечүүдө, болгондо да мамлекеттин кызыкчылыгына туура келгидей кылып, ошол эле убакта коңшу өлкө менен жылуу мамилени сактап калууда кандай кадамдарга барышканын жарыялап келатышат. Ошол эле Кара-Суу эли менен жолугушууда УКМКнын төрагасы маселени жиликтеп берди. Кыязы, Молдокматов аны укпай эле, кыргыздын айрым “саясатчыларына” жат болуп калган “укпасам да оюмду айтып коеюн” классикалык ыкма менен пикирин коомчулукка жарыялоого шашты окшойт.

Ал буга чейинки бийликтер тушунда жер тилкелер башка өлкөлөргө берилип кеткенин жана азыр да ошол көрүнүш кайталанып жатканын билдириптир. Бул дагы эсинде калгандардан чампалаган пикири болсо керек. Мурдагы бийлик тушунда акыбал кандай болгону жана өлкө кызыкчылыгы канчалык деңгээлде сакталганын ошол өзү бир убактарда коштоп, жандап жүргөн мурдагы президенттерден сурап алса болот. Бирок жалпы коомчулук азыр 30 жылдан бери бир чекиттен жылбай келаткан чек ара маселесине жан кирип, акыркы, чечүүчү чекитине жыла баштаганын ыраазы болуп жатышат. Молдокматов чек ара тилкесинде жашаган эмес жана ал тууралуу кабары да болбосо керек. Канча жолу чыр чыкты, бир жылда ондон ашуун окуялар катталды, биринде Жеңищ Молдокматов бардыбы элге? Жок дегенде бир жолку жаңжалда өлкө тагдырыга кайдыгер карабаган адам катары чек арада жашаган элге барып жолугуп, окуянын учугун өз кулагы менен угуп, жергиликтүүлөр жашап жаткан шартты өз көзү менен көрүп келдиби? А эмнеге азыр тынч жагдайда Кара-Сууга жетип барды? Үстүртөн караганда деле баары түшүнүктүү, эл менен бийликтин ажырымына тереңирээк жилик салып, өзүн эл тарабындагы адам көрсөтө коюп, саясатчы катары упай топтоого аттанганы эмеспи. Ушундай ар кандай түшүнбөстүктөн жаралган жагдайларда билсе-билбесе да кыйкырып чыгуу Кыргызстанда тажрыйбасыз, билимсиз саясатчылардын жаралышын камсыздап келатат. Аларда элге таанылуунун, өзүн жакшы аттуу көрсөтүүнүн бир гана жолу бар – кайсы бир түшүнбөөчүлүктөн жаралган жагдайга кыпчыла калуу керек. Молдокматов бул жаатта өз милдетин жакшы аткарып жатат.

Аэлита Сатындиева, Булак: "Майдан. kg" гезити