-Калдарбек агай, жаңы бийлик чек араны тактоодо туура эле жол менен баратабы же калпыстыкка жол берип койдубу?

-Эми чек ара маселесинде  мындан башка жол жок, туура эле жол менен баратышат. Элдин эмес, мамлекеттүүлүктүн тилинде иш жүрбөсө, мунун кесепети эртең эле башыбызга тиет.

-Айрым аналитиктер Кемпир-Абаддагы митингди бийликке каршы топ уюштуруп жатат деген ойлорун айтышууда. Бул жагдайды чын эле оппозиция курчутуп жатабы?

-Албетте, оппозиция уюштуруп жатат. Аны жанагы Молдокматов эле баарын билдирип койбодубу... Анын үстүнө пост жазгандар Мадумаровун  деле сатып ийишти өздөрү билип- билбей. Эми Кемпирабаддын берилип кеткенине 70 жыл болсо...ошончо жылдан бери алар суу сактагычын гана эмес Анжия-2 ГЭСин курууга жетишсе, кала берсе ошол жерге десант дивизиясын жайгаштырып коюшса...бир кезде жалаң таш жаткан жыландардын мекени Кемпир-Абадды Советабад аттуу гүл калаага айландырып салышса...бир сөз менен юридикалык жактан деле өзбек бокту сүртүп коюшса, ушунча жыл оозубузду ачпай келип, бүгүн союл алып чуркаганыбыздан не пайда. 

Революция менен жашап калган жаныбызга  шылтоо болсо болду да...Мына ошондон пайдаланып калалы деген бийликти эңсеген топ жулкунуп, хан тактыдан көзүн учуруп жатышат. Ошол эле учурда негедир Аравандагы Керкидан суу сактагычы тууралуу үн салышпайт. Демек, тыйын төлөнбөй турат, төлөнсө эле аерде да митингдер башаталат. Же уюштуруучулар аны жакшы билишпей жатышат. Мүмкүн бир Кемпир-Абад менен жаңы бийликтин мурдунун суусун агызабыз дешип жатышкандыр...