"Ооба, мен үй алдым. Биз үй алдык", - деди Камчыбек Ташиев Өзгөн районунун эли менен жолугушууда. Эске салсак, буга чейин соцтармактарга УКМКнын төрагасы Дубайдан вилла сатып алганы тууралуу фейк маалыматтар жарыяланган. 

"Орозо башталгандан эки-үч күндөн кийин Испанияда Леванте клубунда футбол ойгонгон уулум телефон чалып калды. "Ата, Томас акем сизге барат, жардам берип коюңузчу", - деди. Томас уулум Жалал-Абадда жашайт. Ар кайсыны ойлонот экенсиң да, ал келгиче кабатыр болдум. Уулума мен Россияга барып иштеп жүргөн жараныбыз үч эмдүү болгону тууралуу ага чейин айткан элем. Көрсө, уулдарым биригип акча топтоп ошол жаранга үй алып берүүнү чечишиптир. Бир аз акча жетпей калып, менден сураганы келген экен. Үч бөлмө үй алып беришти. Кыязы, ушак чыгаргандар ошол үйдү айтып жатышат окшойт. Чет жерде менин бир кирпичим жок, болсо буйрубасын. Бар болсо ошол ушак чыгаргандар алышсын, бердим", - деди Ташиев. 

Ошондой эле, ал кызмат аны эч кандай өзгөртпөгөнүн белгиледи. 

"Бийликке келип өзгөрүп кетти дебегиле. Өзгөрө турган учурдан өтүп кеткенбиз. Биздин ниетибиз башка. Ар бир аракетибиз эл үчүн, жер үчүн. Сууну, жерди сатып жиберди деп жатышат. Биз андайга муктаж эмеспиз. Бир гана мамлекетибизге, элге муктажбыз. Ушак чыгаргандар, бирөөгө көө жапканга аракеттенгендер жок дегенде Кудайдын улуу күнүндө этият болгула", - деди.