"Биз асмандан түшкөн бийлик эмеспиз, биз силер шайлаган бийликпиз", - деди Камчыбек Ташиев Өзгөндө эл менен жолугушууда.
Ал Кемпир-Абад боюнча элдин талабына макул экенин билдирди.
"Кемпир-Абадды бербейбиз дедиңер, демек бербейбиз. Ушул бойдон калтырабыз, үстү жагын чек ара кылып Өзбекстанга өткөрүп бербейбиз дедиңер, ошондой болот. Бирок эми угуп тургула. Кемпир-Абад мурдагы бойдон калды, а биз Аксы, Ала-Бука, Баткен боюнча чек араларды чечүүнү уланта берелиби, же аларды да токтотолубу? Уланта турган болсок, мында маселе бар. Кемпир-Абаддын долбоорлонгонуна 70 жыл болуптур, ошондон бери бир катачылык бар - сууларыбыз Яссы, Кара-Дарыя, Куршаб дарыялары суу сактагычка куюлуп, топтолуп анан аны Өзбекстан тиричилигине пайдаланып келатпайбы. Бирок Кемпир-Абад бүгүнкү күндө бизге, тегерегинде жашаган кыргызстандыктарга кандай пайда берип жатат? Элүү жылдан бери экономикалык жактан айтканда, же алдындагы жерди пайдалана албайбыз же үстүндөгү сууну пайдалана албайбыз. Ушинтип келатабыз. Эми мындан ары да ушул бойдон калтырабыз дедиңер, макул, ушул бойдон калат. Келечекке чоң пландарыбыз бар. Суунун астында 1300 гектардай жерибиз турат. Мен баарын ачык айта албайм, анткени айтылган сөздөрдүн баары тарайт. Ошондуктан, көп нерсени сыр катары сактаганга туура келет. Мурда союз маалында Яссы дарыясы боюнча долбоор түзүлгөн экен, биз азыр аны алып чыгып, кайра даярдап баштадык. Кара-Дарыя, Куршаб дарыялары боюнча да ошондой долбоор кылабыз. Сууларыбызды келечекте кыйгачтатып алып өтөбуз. Жылдын аягына чейин долбоор даяр болуп калат. 30 жылда бир дагы суу сактагыч курбаптырбыз. Бир дагы чоң сууларды элге, талааларга жеткире турган суу сактагыч курбаптырбыз. Сууларыбыз аккан бойдон ылдыйга түшүп кетип жатат. Биз бул маселеге көңүл бурабыз", - деди Камчыбек Ташиев.