Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 217

Камчыбек Ташиев Өзбек районунун тургундары менен жолугушту. Ал эл арасындагы терс пикир айткан кээ бирлерди ынтымакка чакырды. 

"Орозо маалында жаман-жакшы айтышпайлы. Мен сиздерге жакшы сөз айтканы келдим. Ата-энеге асылбайлы", - деди ал. 

Ошондой эле, ал кыргыз-өзбек келишиминдеги Кемпир-Абад суу сактагычы тууралуу жагдайды айтты. 

"Кыргыз мамлекетинин чек арасын тактоо боюнча мен өкмөттүк комиссиянын төрагасы катары комиссиянын жүргүзгөн ишин түшүндүргөнү келдим. Бул маселе боюнча акыркы 3-4 айда бир нече жолугушуу өткөрдүк. Биринчи Бишкекте болду, андан кийин Ташкентке бардык. Эреже боюнча ушундай, бир бизге келишет, анан биз аларга барышат, андан кийин кайра бизге келишет. Эки күн сүйлөшүүдөн кийин протокол түзүлүп, кол койдук. Андан кийин Тажикстан менен сүйлөшүүлөр болду, биз Гүлистан шаарына бардык. Бирок андагы сүйлөшүүлөр жыйынтык берген жок. Анткени, кыргыз-тажик чек арасында талаш жерлер көп болгондуктан алар бизге кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгына туура келбеген сунуштарды айтышты, биз макул болбодук. Кыргыз-өзбек чек арасын тактоодо Кемпир-Абад суу сактагычын эки тараптуу башкарууга калтырууга келиштик. Буга чейин суу сактагычты Өзбекстан башкарып келген, эми Кыргызстан да башкарууга катышат. Сууну кыргызстандыктар колдонууга чектөө салынбайт. Өзбек тарап тосмо орнотпойт. Плотинаны берүү менен өзбек тарап  бир нече гектар жерди бизге берди", - деди Ташиев.