-Алишер мырза, чек арада  ок атылып, чыр чыкканда ар дайым  бийлик чек ара маселесин чече албайт, чечүүгө да батына албайт деп доомат койчубуз. Эми чечүү аракети башталса да, Кемпир –Абад суу сактагычы Өзбекстанга өтүп кеткени калды деп капа болуп, митингге чыгып жатабыз.  Элге жагыш үчүн чек ара маселесин өзүбүз эмес, сөзсүз кайсы бир мамлекеттин жардамы менен такташыбыз керекпи? 

- Дүйнөлүк практиканы эске алсак,  мындай регионалдык маселелерди жараткан  чек арадагы талаштар эл аралык же болбосо, чоң өнүккөн мамлекеттердин  Россиянын же АКШнын  катышуусу менен чечкенге аракет кылышат. Бирок андай мезгилде чек ара маселеси  чоң геосаясатка айланат.  Былтыр эле  кыргыз-тажик чек арасында маселе жаралып, улам чыр чыгып  жатканда, Кремль   расмий түрдө Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда талаштуу   маселени чогуу чечүү тууралуу  сунуш киргизди. Бирок Бишкек жана Душанбе бул демилгени колдогон жок. Ошондой эле  Алмазбек Атамбаевдин мезгилинде  2016- жылдын март айында  кыргыз-өзбек чек арасында олуттуу  чыр чыкканда  Атамбаев ОДКБга кайрылууга мажбур болгон. Бул сапар  отуз жылда чечилбеген чек ара маселесин  Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев  бүт саясий жоопкерчиликти моюндарына  алып, чечүүнүн аракетин башташты. Камчыбек Ташиев делимитация, деморкация кылып, чек араны тактай  турган комиссиянын башында туруп, маселени чечүүнүн жолдорун сунуштай баштады. Бирок алардын чын дилден жасаган аракети жергиликтүү тургундардын сынына кабылып,  өз талаптарын айта  башташты. Камчыбек Ташиев чогулган эл менен жолугуп, ал да өз аргументтерин айтып, маселени ызы-чуусу жок чечүүнү көздөп жатат.

Менимче,  жер алмашуу болбосо, бул маселени эч качан өзүбүз чече албайбыз. Ошон үчүн ар кайсыны айтып, жаңы бийликке доомат койгондон мурун, чек аранын чыры жок чечели деген эки тараптуу демилге башталганына  кубанышыбыз керек. Анткени, Өзбекстан  менен чек ара маселелерин чечип алсак,  келечекте ал тажрыйбабыз Тажикстан менен болгон чек ара  маселесин чечүүдө сөзсүз жардам болот.