Соцтармактарда Камчыбек Ташиев тууралуу кезектеги фейк маалымат пайда болду. Анда УКМКнын төрагасы жакында Дубайдан вилла сатып алганы айтылган. Ошондой эле, уулдары кымбат баадагы унаа айдап башташканын белгилешип, мунун баарын коррупционерлерди кармоо ишинен алынган “үлүш”  катары көрсөтүшкөн. 

Камчыбек Ташиевди каралоо максатындагы бул биринчи маалымат эмес. Буга чейин да болгон күнөөнүн баарына анын атын чаптай салышып, эптеп эл көзүнө жаман көрсөтүүгө аракет жасалууда. Ташиевдин жакын санаалашы Шүкүрбек Эркебаев Дубайдагы вилла, уулдарынын кымбат унаа айдаганы жөнүндө таратылган маалымат калп экенин билдирди. 

“Мындай болгон эмес, болушу да мүмкүн эмес. Камчыбек Ташиев Кыргызстандагы дээрлик бардык аткаминерлердин арасындагы мамлекеттин ташына да зыян келтирбеген саясатчы экени талашсыз. Аны коомчулук жакшы билет. Бул кишинин кандайдыр бир деңгээлдеги оокаты болсо, анын баары өз мээнети, эмгегинен топтолгондор. Мамлекеттин мүлкүнө кол салуу, уурдоо, бирөө аркылуу материалдык акыбалын чыңдоо бул кишинин табиятына жат көрүнүш”, - деди Эркебаев. 

Чындыгында, Камчыбек Ташиевдин тазалыгы элге жакшы дайын. Ал эч убакта ашыкча байлыгы менен өзгөчөлөнгөн эмес. Өмүр жолунда ар кайсы жылдары мамлекеттик кызматтарда иштесе да, ал учурда жана андан кийин да артынан коррупцияга байланган кептер ээрчиген эмес. Ошон үчүн да УКМКнын төрагалыгына келээри менен коррупционерлерге каршы аеосуз күрөш жарыялады. Артында калбыры бар адам башкалардын “калбырына” тийишүүдөн жазганмак. А Ташиев өзүнө ишенгени үчүн тайсалдаган жок. Мындай фейк маалыматтардын “авторлору” да УКМКнын төрагасынын укуругуна иленген коррупционерлер экендиги талашсыз. Ой жүгүртүүгө жарамдуу адамдын баарына бул айдан ачык болуп турат.