Ушу тапта азыркы бийликти тизеге чаап, алыска узатпай алып түшкүсү келгендер ар кандай окуя, кырдаалдардын баардыгын терс өӊүттө элге жеткирип, коомчулукту козута баштады.  Башкасын айтпаганда да отуз жылдан бери оору болуп келген, чечилбес чек ара көйгөйүн колго алып, коӊшу Өзбек мамлекети менен олуттуу сүйлөшүүлөргө барып, эки өлкө ортосунда орчундуу маселелрдин бири болгон чек араны биротоло тактоого аракет кылган Камчыбек Ташиевдин аракетин айрым бир учкай маалыматтуу топтун колу менен жокко чыгаргысы келгендер күч алууда. 

Камчыбек Ташиевдин ушу күндөрү Кыргызстан үчүн, анын эли үчүн жасап жаткан аракеттери эртеби- кечпи өз баасын алат. Мезгил таразасында анын мамлекет үчүн жасаган иши жакшылык деген тарапка гана оодук тартаары турган иш. Бирок, учур бийлигинин мындай аруу тилегине таш болуп урулуучулар четтен чыгууда. Буга чейин өлкөнү жеп, ичип, талап-тоноп келгендер эми андай болбосун, атургай алдыӊкы күндөрү куса башташаарын билип туруп, элди бөлүп-жаруу, мамлекетти дестабилизацияга алып келүү, бейпил турмушка бүлүк салуу өӊдүү арам тактикага өтүштү. Коррупционерлер, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү эртеӊ абийирлери айрандай төгүлүп, алдым жуттумдугу ашкерелене тургандыктан аргасы куруп акыркы кадамдарга барышса да, элди кырып, мамлекеттүүлүктү жоготушса да кара баштары үчүн баарына барышаары айкындалууда. Бирок, алар максаттарына жетишпейт. Анткени алар кезегинде мамлекетти бийлеп да көрүшкөн. Эмне болду? Улуттар аралык чыр салышты, эчендеген элди канга бөлөштү.

Мамлекетти четтен тоношту. Эч өзгөрүү, өнүгүү  жасай алышпады. Болду, жетишет, эми аларга кайра-кайра майрам күндөр бериле бербейт. Алар эми кылган кылыктары үчүн жооп беришет. Андыктан, алар элди козутуп, коомчулукка бузукулук салууну токтотуп, бир жерлерин кыскандары жакшы. Болбосо, кыстырып коюуучу мезгил босогодо турат.