Серепчи Максат Абдукаимов Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча бийликке акаарат келтирген пикирлерди негизсиз деп эсептейт: 

-Камчыбек Ташиевдин эл үчүн күйүп-бышып жатканына кайсы бир тараптын ичи тардыгыбы, көралбастыгы бардай сезилип жатат. Оппозициялык топ же башка кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иретинде жасалып жаткан аракеттерге терс пикирин билдиргендер бул процесс өтө татаал экенин түшүнүшү керек. Чек араны тактоо мыйзамдын чегинде гана өтө терең изилдөө менен ишке ашат. Ушак сөздү айтаардан мурун ойлонгула. Кудайдан корккула. Камчыбек Ташиев да миң өлчөп, бир кесип жатат, ал да чечимдерди жөндөн жөн эле кабыл ала бербесе керек. Мындай кезде каршы болуштун ордуна Камчыбек Ташиевди колдошубуз керек.