-Учурдан пайдаланып, чек ара маселесин чечип албасак, убакыт өткөн сайын чек ара маселесин чечүү татаалдашат. Анткени, биз учурунда чек ара маселесин чече турган убакытты өткөрүп жибергенбиз. Азыр бир сотух жерди дагы кыйынчылык менен чече турган учурга келдик. Эгер азыр чечип албасак, келечекте чек ар маселесинен чыр чыгып, согуш болуп кетиши ыктымал. Бул биринчиси. Экинчиси, чек ара маселеси жер алмашуу менен гана чечилет. Өзбекстанда деле биздегидей утулуп жатабыз деген абал болсо керек. Ошон үчүн акылга келип, кеңешип, тирешпей Ташиевдин чечимин колдоп турушубуз керек. Камчыбек Ташиев да Кыргызстандын патриот жигиттеринин бири. Ал деле маселени Кыргызстанга пайдалуу кылып чечүүнүн аракетин көрүп жатат. Ал эле ашык жерди Өзбекстанга берип коёюн деген жок да. Жергиликтүү тургундар ата-бабабыз ээлеген жерди бербейбиз, сууну бербейбиз деп чырдап жатышат. Алардын талабы да жөндүү. Бирок, сууну бербейбиз деп отура берсек, баары бир агымы боюнча Кемпир Аббаддагы сууну Өзбекстан пайдаланат экен го. Ошон үчүн аны берип, анын ордуна башка сугат жерлерин алганыбыз деле оңдур. Ошондой эле жергиликтүү эл Жогорку Кеңешке болчу шайлоого дивидент топтоп алайын деген саясатчылардын азгырыгына азгырылбай туура ой жүгүртүшү керек. Анткени, жергиликтүү эл өз кызыкчылыгынын чегинде чечилишин талап кылса, Ташиев мамлекеттик деңгээлде чечүүнүн аракетин жасап жатат.
- Категория: Саясат
- Просмотров: 426
Турат Мадылбеков, экс-депутат: “Ташиев патриот жигиттердин бири, ал да чек араны Кыргызстандын пайдасына чечүүнүн аракетин көрүп жатат”
Саясат