Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 1983

УКМКнын төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Марат Иманкулов кыргыз бийлигинин кыргыз-өзбек чек арасын тактоо, көп жылдан бери келаткан маселени чечүүдөгү аракетин оң баалады: 

-Чек ара маселеси Кыргызстандын көп жылдардан бери жыйылган көйгөйү, мурдагы бийликтер чечпей созуп келишкенинин жыйынтыгы. Аны чечүүнүн эң ыңгайлуу мезгили союз жаңы гана таркаган 1990-жылдар болчу. Ошол убакта чечилгенде азыркыдай тамырлабай, эл да отуз жыл кыйналмак эмес. Кийинчерээк, Өзбекстандын президенти бир жактуу чечүүгө аракет жасады, а биздин бийлик чечкиндүү кадамдарга бара алган жок. Аягы жаман болду, чек ара аймагында мезгил-мезгили менен чыр чыгып, жергиликтүү калкка түйшүк үйдү. Такталбаган аймакта эки өлкө жарандары "бул жер меники" деген жаңжалга бараары талашсыз. Азыркы бийлик бул маселени чечели деп аракет кылууда. Бирок кээ бир кадамдарына эл тараптан түшүнбөстүк болуп жатат. Бул маселеде көбүрөөк ойлонуп, анализдеп, эл менен пикир алмашып, макулдашып, оюн угуп койсо ашыктык кылбайт. Маселенин баары түшүнбөстүктөн жаралат. Мен "азыркы бийлик улуттук кызыкчылыкты жыйыштырып коюп, коңшу өлкөнүн талабын аткарууга умтулуп жатат" деген пикирлерге кошулбайм. Андай ниеттери жок. Бирок конкреттүү эл жашаган аймак тууралуу сөз болгондо, ошол аймактын тургундарына алдын ала сөзсүз жолугушу керек. Кандай пландарды коюшканын, кандай чечимдерге ыктап жатышканын, анын мамлекет үчүн кандай пайдасы бардыгын элге түшүндүрүп койсо баары өз нугунда кетмек. 

Чек ара - өтө опурталдуу маселе. Ал дипломатиялык мамилени талап кылат. Бир жактуу чечилбейт. Бир жактуу чечүүгө жасалган аракет тирешүүгө, согушка алып келет. Андайга жол бербеш керек. Жүздөгөн жылдардан бери коңшу жашап жаткан тууган элбиз. Конфликт эч кимге пайда алып келбейт. Өлкөбүз экономикалык кризиске батып турат, жакырчылык көбөйүүдө, мындай учурда тирешүү керек эмес. "Бечелге жөтөлдүн кереги эмне" дегендей эле сөз. Бирок улуттук кызыкчылык чек ара же башка коопсуздук маселесинде болобу, биринчи орунда туруусу шарт. Кандай маселеде болбосун мамлекеттин кызыкчылыгын бирөөгө алдырбаш керек. Бул саясаттагы эң негизги принцип болууга тийиш. 

Чек ара маселеси чечилбесе баягы эле карапайым эл кыйналат. Чечүү үчүн эки өлкө компромисске барышы керек. "Бербейбиз, албайбыз" деп отура берсек, маселе тереңдейт, чечилиши кечеңдейт. Качанкыга чейин элди "бул меники, бул сеники" деген талашка түртүп, кыйнайбыз? Эки өлкө достук атмосферада, эки жактын тең кызыкчылыгын эске алып, "ийри отуруп түз кеңешип" нечен жылдан бери чубалжып келаткан маселеге чекит коюуга убакыт келип жетти. 

Бир нерсени эске алыш керек, бул түзүлгөн протоколдо кандайдыр бир элге жакпаган жагдайлар болуп калса, аны акыркы кадам деп түшүнүп, чыр чыгаруунун кереги жок. Бул өкмөттүк комиссиянын гана протоколу, аны эч ким беките элек. Парламенттин кароосунан өтөт, анда оңдосо болот, өкмөттө оңдосо болот. Бекитилгенге чейин өзгөртүү киргизүүгө мүмкүн.