Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 343

Мурдагы өкмөт башчы жана Жогорку Кеңештин эл өкүлдөрү жыйынынын мурдагы спикери Алманбек Матраимов чек ара маселеси чечилчү чекитине эчак жеткенин белгиледи. 

"Чек ара аймагынын такталбаганы эки өлкөнүн жарандарынын ортосундагы жаңжалдын пайда болушун шарттайт. Мындай окуяларга көп күбө болдук.  Отуз жылдан бери чечкиндүү аракеттер жасалбагандыктан эл коопсуздугу менен ойноп келдик. Чек ара боюнча иликтенип, тарыхы каралып, изилденгенден кийин гана бир жактуу чечим кабыл алынат. Өкмөттүк делегация дагы ар тараптуу маалыматтарды тактап, сүрүштүргөндөн кийин гана жыйынтыкка келди деп ойлойм. Чек ара маселесинде эки тараптын тең кызыкчылыгы камтылбаса болбойт. Эң негизгиси, мындан ары создуктуруу мүмкүн эмес. Канчалык создуктура берсек, ошончолук эл кыйналат. Бир чечимге келип, талаш аймактарды тактоонун учуру келип жетти", - деди Матубраимов.