- Отуз жылдан бери бок-жини аралашып калган системаны оңдой коюш оңой иш эмес. Бирин козгосоң экинчиси чыгат илешип. Мен азыр чек ара боюнча эч нерсе дей албайм. Болгону бул ишти батылдык менен баштаган азаматка баа бериш керек. Кантсе да элге жаман ою жок. Келечекти ойлогон үчүн башын баталгыга коюп, маселени чечүүнүн жолун издеп  жатат. Карап туруп эч нерседен коркпогон, сестенбеген баатыр жүрөк Ташиевге  баа берип, аяп кетип жатам.

Ташиевдин аракетине бул жердеги биз көрүп гана турган нерселер эмес, көрүнбөгөн алыстагы оюнчулар да таасир этип жатат. Ошолор азыркы келген жаңы бийликти бастыра койбой байлап тушап жатат. Ага кошумча Мадумаровдун "күйөрмандары" Москвадагысы Москвада, Өзгөндөгүсү Өзгөндө элди дүрбөтүп жатат. Бул маселелердин агын ак, көгүн көк деп арамзалардын бетин ачып бере турган КТРК деген немеден да үн жок. Атайлап эмне болор экен дегенсип  күтүп отурат. Азыр күнү-түнү тынбай иштей турган кез. Уйкусурай турган учур эмес. Анткени, качан гана массалык маалымат каражаттары бир системага түшүп, иш алып бара баштаганда эл тынчыйт. Пресс службанын милдети ушул эле. Бирок алар азыр  КТРК деген уясынан көргөнүн жасап, кенен канат күүлөп чыга албай жатышат.